12 : 4
إِذۡ قَالَ يُوسُفُ لِأَبِيهِ يَٰٓأَبَتِ إِنِّي رَأَيۡتُ أَحَدَ عَشَرَ كَوۡكَبٗا وَٱلشَّمۡسَ وَٱلۡقَمَرَ رَأَيۡتُهُمۡ لِي سَٰجِدِينَ
Бир кезде, Юсуф атасына: “О, атаке, мен түшүмдө Күн, Ай жана он бир жылдызды мага сажда (таазим) кылганын көрдүм” деди.
Explanation & meanings · 1
- Аллах кимди улук ишке тандаса, биринчи кадамдарын таштоосуна ушул сыяктуу ишаараттарды берет. Юсуфтун бул түшүндө Аллах ага келечектеги өз башынан өтчү окуяларды билдирген. Түштөгү Күн - атасы Яькуб. Яькуб - Ибрахимдин кенже уулу Исхактын баласы. Ай апасы. Жылдыздар агалары. Алар оболу атасынын сүймөнчүгү Юсуфка ичи тардык, душмандык кылып жүрүп, акыр аягында ага моюн сунушат.