12 : 106
وَمَا يُؤۡمِنُ أَكۡثَرُهُم بِٱللَّهِ إِلَّا وَهُم مُّشۡرِكُونَ
Алардан көпчүлүгү Аллахка, мушрик болгон абалда ишенишет.
Explanation & meanings · 1
- Адамдар Аллахка ишенишпейт эмес, ишенишет. “Жер -асманды ким жараткан?” десең, “Аллах” дешет. “Ырыскыны ким берет?” деп сурасаң да “Аллах” деп жооп беришет. Бирок.., Бирок алар ошол жалгыз Жаратуучу, жалгыз ырыскы Берүүчүнүн өзүнө ибадат кылбай, Ага кошуп башка “кудайларга” да сыйынып, мушрик (каапыр) болуп калышат. Кудайга ишенет бирок.., каапыр!