السؤال
س٢٤: ما هي المعجزة؟
24-суроо: Муъжиза деген эмне?
الجواب
ج:المعجزة: هي كل ما أعطاه الله لأنبيائه من خوارق العادات؛ للدلالة على صدقهم، مثل:
- شق القمر للنبي صلى الله عليه وسلم.
قال تعالى:
﴿ٱقۡتَرَبَتِ ٱلسَّاعَةُ وَٱنشَقَّ ٱلۡقَمَرُ *
وَإِن يَرَوۡاْ ءَايَةٗ يُعۡرِضُواْ وَيَقُولُواْ سِحۡرٞ مُّسۡتَمِرّٞ*
وَكَذَّبُواْ وَٱتَّبَعُوٓاْ أَهۡوَآءَهُمۡۚ وَكُلُّ أَمۡرٖ مُّسۡتَقِرّٞ﴾
[القمر: ١-٣]
- وشق البحر لموسى عَلَيْهِ السَّلَامُ، وإغراق فرعون وجنوده.
﴿وَإِذۡ فَرَقۡنَا بِكُمُ ٱلۡبَحۡرَ فَأَنجَيۡنَٰكُمۡ وَأَغۡرَقۡنَآ ءَالَ فِرۡعَوۡنَ وَأَنتُمۡ تَنظُرُونَ﴾
[البَقَرَةِ: ٥٠].
Жооп: Муъжиза – бул Аллахтын Өз пайгамбарларынын чыныгы пайгамбар экенин далилдөө үчүн аларга берген адаттан тышкаркы кереметтери. Мисалы:
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Айдын экиге бөлүнүшү.
Аллах Таала минтип айткан:
"Кыямат жакындашты жана Ай (экиге) бөлүндү".
"Алар (Курайш каапырлары) муъжизаны көрүп турса да, (чындыктан) жүз үйрүп «Бул – ар дайымкы сыйкыр» - дей баштады".
"Жана (пайгамбарды) жалганчыга чыгарып, өздөрүнүн каалоолорун ээрчиди. Бирок, ар бир иш (Кыяматта) өз ордун табат".
(Камар сүрөсү, 49-аят).
Муса пайгамбарга деңиздин экиге бөлүнүшү жана Фараондун жан-жөкөрлөрү менен бирге сууга чөктүрүлүшү.
"Эстегиле: силер үчүн деңизди бөлүп, силерди куткардык жана Фараондун аскерлерин чөктүрүп жибердик. Муну силер көрүп турдуңар".
(Бакара сүрөсү, 50-аят).