Адамдарга ыраазы болбогон - Аллахка шүгүр кылбайт.
- التصنيف الشرعي
- الفضائل والآدابفقه الأخلاقالأخلاق الحميدة
Абу Хурайра (аг Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
«Адамдарга ыраазы болбогон - Аллахка шүгүр кылбайт».
«لَا يَشْكُرُ اللَّهَ مَنْ لَا يَشْكُرُ النَّاسَ»
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардын өзүнө кылган жакшылыктарына шүгүр кылбаган адамдын адатта Аллахка да шүгүр кылбай турганын кабар берген. Анткени, бул эки нерсе бири-бири менен тыгыз байланыштуу. Кимдин табиятында жана адатында адамдардын жакшылыктарын баалабоо жана аларга шүгүр кылбоо болсо, Аллахтын жакшылыктарына да шүгүр кылбоо жана Ага шүгүр кылууда кемчилик кетирүү анын адатына айланат.
Кылган жакшылыгы үчүн адамдарга ырахмат айтуунун маанилүүлүгү.
Чыныгы жакшылык берүүчү – бул Аллах Таала, ал эми макулуктар – Аллах Таала Өзү каалагандарга баш ийдирип койгон себептер. Ошондуктан, адамдарга шүгүр кылуу – Аллах Таалага шүгүр кылуу болуп саналат.
Адамдардын кылган жакшылыгы үчүн шүгүр кылуу (ырахмат айтууу) - адеп-ахлактын кемелдүүлүгүнүн далили.
Сунан Абу Дауд (7/ 188) (4811).
Сунан ат-Тирмизи (3/ 403) (1954).
Муснад Ахмад (13/ 322) (7939).
Сунан Абу Дауд (7/ 188) (4811).
Сунан ат-Тирмизи (3/ 403) (1954).
Муснад Ахмад (13/ 322) (7939).
Дагы (4)
شرح سنن أبي داود لابن رسلان (18/ 490).
شرح سنن أبي داود للعباد (547/ 13).
شرح سنن أبي داود لابن رسلان (18/ 490).
شرح سنن أبي داود للعباد (547/ 13).