Skip to content

Чындыгында, силердин ысымдарыңардын Аллахка эң сүйүктүүсү – Абдуллах жана Абдуррахман.

Ибн Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан:

"Чындыгында, силердин ысымдарыңардын Аллахка эң сүйүктүүсү – Абдуллах жана Абдуррахман."

«إِنَّ أَحَبَّ أَسْمَائِكُمْ إِلَى اللهِ عَبْدُ اللهِ وَعَبْدُ الرَّحْمَنِ».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таалага эң сүйүктүү ысымдар эркек балага: Абдуллах, же: Абдуррахман экендигин кабарлаган.

Хадистин пайдалары

Имам Куртуби айткан: "Абдуррахим, Абдулмалик жана Абдуссамад сыяктуу ага окшош ысымдар да ушул эки ысымдын катарына кошулат. Алардын Аллахка эң сүйүктүү болушунун себеби: алар Аллахка тиешелүү милдеттүү сыпатты жана инсанга тиешелүү, ага милдеттүү болгон сыпатты – ибадатты камтыйт. Андан соң пенде Раббиге чыныгы түрдө таандык кылынып, бул ысымдардын ээлери тастыкталат да, ушул айкалыш аркылуу улукталып, ушундай артыкчылыкка ээ болушат". Башка бир аалым айткан: "Ушул эки ысым менен гана чектелүүнүн даанышмандулугу – Куранда Аллах Тааланын ушул экөөнөн башка ысымдарына «пенде» сөзү кошулуп айтылган эмес. Аллах Таала айткан: «Аллахтын пендеси Ага дуба кылып турган кезде...». Жана башка аятта: «Ырайымдуунун пенделери...» - деп айткан. Муну Аллах Тааланын: «(Кааласаңар) Аллах деп дуба кылгыла, же Рахман (Ырайымдуу) деп дуба кылгыла» – деген сөзү да кубаттайт."

Булактар

Сахих Муслим (3/ 1682) (2132).

Сахих Муслим (3/ 1682) (2132).

Дагы (2)

فتح الباري لابن حجر (10/ 570).

فتح الباري لابن حجر (10/ 570).