Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бут кийим кийгенде, чач-сакалын тараганда, даарат алганда, деги ар бир ишинде оң жагынан баштоону жакшы көрөт эле.
Ыймандуулардын энеси Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бут кийим кийгенде, чач-сакалын тараганда, даарат алганда, деги ар бир ишинде оң жагынан баштоону жакшы көрөт эле.
كَانَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يُعْجِبُهُ التَّيَمُّنُ، فِي تَنَعُّلِهِ، وَتَرَجُّلِهِ، وَطُهُورِهِ، وَفِي شَأْنِهِ كُلِّهِ.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жакшы иштердин баарын оң колу менен баштаганды артык көрчү. Мисалы: Бут кийимин кийгенде он бутун биринчи кийчү. Чачын, сакалын тараганда же майлаганда оң жагынан баштачу. Даарат алып колдорун жана буттарын жууганда оң жагын биринчи жуучу.
Навави минтип айткан: "Шарияттагы оң жактан баштоо эрежеси, ошол нерсени кадырлоо болуп эсептелет. Мисалы: кийим кийүүдө, мечитке кирүүдө, мисвак колдонууда, көзгө сурма коюда, тырмактарды алууда, мурутту кыскартууда, чачты тароодо, колтуктун жүнүн алууда, чач алганда, намазды бүтүрүп салам бергенде, дааратта дене мүчөлөрүн жууганда, даараткандан чыкканда, жегенде, ичкенде, көрүшкөндө, Каабада кара ташты сылаганда ж.б. иштерде оң жагынан баштоо. Ал эми мунун тескерисинде, дааратканага киргенде, мечиттен чыкканда, чимкиргенде, истинжа кылганда, кийимин, шымын, маасысын ж.б. кийимин чечкенде сол жагынан баштоо жакшы. Мунун баары оң жактын артыкчылыгы үчүн.
"Оң жакты жакшы көрөт эле" дегени, кыймылды оң кол жана оң бут менен баштоону, оң тарапты (оң жакта отуруу, оң жакты карап жатуу, саламдашканда оң жактагы кишиден баштап саламдашуу ж.б.) жана бир нерсени бергенде оң тараптагы адамдан баштап берүүнү ж.б. ичине камтыйт.
Навави минтип айткан: "Даарат алганда жуула турган мүчөлөрдөн оң жактан башталбай, бирдей жуула тургандары да бар. Булар: эки кулак, эки алакан жана эки жаак. Буларды бирдей бир убакта жуу керек. Эгерде бир колу кесилген болуп, же дагы башка бир себеп менен бул мүчөлөрүн бирдей жууй албаса, анда оң тарабын биринчи жуу керек.
Сахих ал-Бухари (1/ 45) (168).
Сахих Муслим (1/ 226) (268).
Китептерде келтирилген
5 КитептерДагы (5)
- ما لا يسع أطفال المسلمين جهله«كَانَ النَّبِيُّ ﷺ يُعْجِبُهُ التَّيَمُّنُ فِي تَنَعُّلِهِ، وَتَرَجُّلِهِ، وَطُهُورِهِ، وَفِي شَأْنِهِ كُلِّهِ»[21].
- ما لا يسع أطفال المسلمين جهله«كَانَ النَّبِيُّ ﷺ يُعْجِبُهُ التَّيَمُّنُ فِي تَنَعُّلِهِ، وَتَرَجُّلِهِ، وَطُهُورِهِ، وَفِي شَأْنِهِ كُلِّهِ»[130].
- مشروع منهاج زادكزادك 2 طالب نهائي«كَانَ اَلنَّبِيُّ صلى الله عليه وسلم يُعْجِبُهُ اَلتَّيَمُّنُ فِي تَنَعُّلِهِ، وَتَرَجُّلِهِ، وَطُهُورِهُ، وَفِي شَأْنِهِ كُلِّهِ»
- نبراس طالب (2)نبراس طالب (2) «فقد كَانَ اَلنَّبِيُّ صلى الله عليه وسلم يُعْجِبُهُ اَلتَّيَمُّنُ فِي تَنَعُّلِهِ، وَتَرَجُّلِهِ، وَطُهُورِهُ، وَفِي شَأْنِهِ كُلِّهِ».
- نبراس طالب (3)نبراس طالب 3«كَانَ النَّبِيُّ صلى الله عليه وسلم يُعْجِبُهُ التَّيَمُّنُ، فِي تَنَعُّلِهِ، وَتَرَجُّلِهِ، وَطُهُورِهِ، وَفِي شَأْنِهِ كُلِّهِ»