Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизди жети нерсеге буюруп, жети нерседен тыйды.
Бараа ибн Аазиб (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
"Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизди жети нерсеге буюруп, жети нерседен тыйды: бизди оорулуудан кабар алууга, жаназага катышууга, чүчкүргөн адамга дуба кылууга, антты аткарууга – же ант ичкендин антын актоого, – зулумдук чеккенге жардам берүүгө, чакыргандын чакырыгына жооп берүүгө жана саламды жайылтууга буйруду. Жана бизди алтын шакектерден – же алтын шакек тагынуудан –, күмүш идиштен ичүүдөн, жибек төшөнчөдөн, жибек аралаш кийимден, ошондой эле жибектин бардык түрлөрүн кийүүдөн тыйды."
أَمَرَنَا رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ بِسَبْعٍ، وَنَهَانَا عَنْ سَبْعٍ: أَمَرَنَا بِعِيَادَةِ الْمَرِيضِ، وَاتِّبَاعِ الْجَنَازَةِ، وَتَشْمِيتِ الْعَاطِسِ، وَإِبْرَارِ الْقَسَمِ، أَوِ الْمُقْسِمِ، وَنَصْرِ الْمَظْلُومِ، وَإِجَابَةِ الدَّاعِي، وَإِفْشَاءِ السَّلَامِ، وَنَهَانَا عَنْ خَوَاتِيمَ -أَوْ عَنْ تَخَتُّمٍ- بِالذَّهَبِ، وَعَنْ شُرْبٍ بِالْفِضَّةِ، وَعَنِ الْمَيَاثِرِ، وَعَنِ الْقَسِّيِّ، وَعَنْ لُبْسِ الْحَرِيرِ وَالْإِسْتَبْرَقِ وَالدِّيبَاجِ.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулмандарды жети ишти аткарууга буйруду жана жети ишке тыюу салды. Аткарууга буйругандары төмөнкүлөр: Биринчиси: Оорулууну зыярат кылуу. Экинчиси: Маркумду узатуу, ага жаназа окууга катышуу, көмүү жана ага дуба кылуу. Үчүнчүсү: Чүчкүрүп, Аллахка мактоо айткан адамга: «ярхамукаллах» деп айтып дуба кылуу. Төртүнчүсү: Ант ичкен адамдын антын актоо жана ага ишенип, тастыктоо. Мунун мааниси: эгерде бир ишке ант ичилип, сен анын антын чындыкка чыгарууга кудуретиң жетсе, анда аны аткар. Ал антына кафарат төлөөгө муктаж болбошу үчүн. Бешинчиси: Зулум чеккенге жардам берүү, ага көмөктөшүү жана залым тарабынан ага жетип жаткан зулумдукту колдон келишинче кайтаруу. Алтынчысы: Үйлөнүү тоюна, акикага же ушул сыяктуу мааракелерге чакырса баруу. Жетинчиси: Салам айтууну жайылтуу, таркатуу жана ага жооп берүү. Жана ал (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тыюу салган иштер: Биринчиси: Алтын шакектерди тагынуу жана аны менен жасалгалануу. Экинчиси: Күмүш идиштерден ичүү. Үчүнчүсү: Маясирлерге олтуруу. Ал – аттын ээрине жана төөнүн үстүнө салына турган жибектен жасалган төшөнчүлөр. Төртүнчүсү: Жибек аралашкан кездемеден жасалган кийимди кийүү, ал (Кассий) деп аталат. Бешинчиси: Жибекти кийүү. Алтынчысы: Истабрак кийүү, ал – калың жибек. Жетинчиси: Дийбаж кийүү, ал – жибектин түрлөрүнүн эң жакшысы жана эң баалуусу.
Мусулмандын мусулман бир тууганына болгон кээ бир акыларын баяндоо.
Негизи шариятта келген бардык буйруктар же тыюулар эркектер менен аялдарга бирдей тиешелүү. Бир гана эркектерге гана же аялдарга гана тиешелүү деп өзгөчөлөнгөн нерселер мындан сырткары.
Башка хадистер аялдарга маркумду кабырына ээрчип барууга тыюу салынганына далил болот.
Башка хадистер аялдарга алтын менен жибекти кийүү уруксат экендигине далалат кылат.
Сахих ал-Бухари (2/ 71) (1239).
Сахих Муслим (3/ 1635) (2066).
Дагы (2)
تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.
للبسام (ص731).