Skip to content

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) нафил намаздардын эч бирине таңкы намаздын эки рекетиндей бекем болгон эмес.

التصنيف الشرعي
الفقهالصلاةالسنن الرواتب

Момундардын энеси Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:

"Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) нафил намаздардын эч бирине таңкы намаздын эки рекетиндей бекем болгон эмес."

لَمْ يَكُنِ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ عَلَى شَيْءٍ مِنَ النَّوَافِلِ أَشَدَّ مِنْهُ تَعَاهُدًا عَلَى رَكْعَتَيِ الفَجْرِ.

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Момундардын энеси Айша энебиз (Аллах андан ыраазы болсун) пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) нафил намаздардын ичинен багымдат намазына чейин окулуучу эки рекет намазына көңүл бургандай, ынтызар болуп жана аны бекем сактагандай башка эч бир намазга мынчалык катуу берилбегенин кабарлады.

Хадистин пайдалары

Намаздын нафилдери — бул парздардан башка аткарылуучу ибадаттар. Бул жерде: парз намаздарга кошуп окула турган сунан раватиб намаздар максат кылынган.

Сунан раватиб намаздар: багымдат намазынан алдын эки рекет, бешим намазынан алдын төрт рекет жана андан кийин эки рекет, шам намазынан кийин эки рекет, куптан намазынан кийин эки рекет.

Багымдаттын сүннөтү үйдө да, сапарда да окулат, ал эми бешимдин, шамдын, куптандын кошумча сүннөт намаздары үйдө гана окулат.

Багымдат намазынын эки рекети бекемделген мустахаб (сүннөт), ошондуктан аларды калтырбоо зарыл.

Булактар

Сахих ал-Бухари (2/ 57) (1169).

Сахих Муслим (1/ 501) (724).

Сахих ал-Бухари (2/ 57) (1169).

Сахих Муслим (1/ 501) (724).

Дагы (8)

تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.

لعبد الله البسام (ص113).

تنبيه الأفهام شرح عمدة الأحكام.

لابن عثيمين (1/ 144).

تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.

لعبد الله البسام (ص113).

تنبيه الأفهام شرح عمدة الأحكام.

لابن عثيمين (1/ 144).