Skip to content

Сапарда жүргөндө орозо кармоо жакшылыктан эмес.

Жабир бин Абдуллах (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:

Аллахтын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сапарда жүргөн. Ал топтолгон элди жана бир адамдын үстүнө көлөкө кылып жатышканын көрүп: "Бул кишиге эмне болду?" - деди. Алар: "Бул киши орозо экен" - дешти. Ошондо ал: "Сапарда орозо кармоо жакшылыктан эмес" - деди. Муслимдин риваятында: "Аллахтын силерге берген уруксатын пайдалангыла" - деп айтылат.

كَانَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فِي سَفَرٍ، فَرَأَى زِحَامًا وَرَجُلًا قَدْ ظُلِّلَ عَلَيْهِ، فَقَالَ: «مَا هَذَا؟»، فَقَالُوا: صَائِمٌ، فَقَالَ: «لَيْسَ مِنَ البِرِّ الصَّوْمُ فِي السَّفَرِ»، وَفِي لَفْظٍ لِمُسلِمٍ: «عَلَيْكُمْ بِرُخْصَةِ اللهِ الَّذِي رَخَّصَ لَكُمْ».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Аллахтын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сапарда жүргөндө адамдар тегеректеп алган бир кишини көрдү. Күндүн ысыгынан жана катуу суусаганынан ага көлөкө кылып турушкан экен. Ал: "Буга эмне болду?" - деди. Алар: "Орозо кармаган" - дешти. Ал: "Сапарда орозо кармоо жакшылыктан эмес. Аллахтын силерге берген уруксатын аткаргыла" - деди.

Хадистин пайдалары

Ислам шариятынын жеңил экендигин баяндоо.

Сапарда орозо кармоого да, жеңилдиктен пайдаланып орозосун ачууга да уруксат.

Сапарда орозо кармоо кыйынчылык жаратса макүрөө болот, ал эми өлүм чегине жеткире турган болсо арам болот.

Ан-Навави минтип айткан: Сапарда орозо кармоо жакшылыктан эмес. Мунун мааниси: эгер ал силерге кыйынчылык туудурса жана зыян тартып калуудан корксоңор тутпагыла. Хадистин контексти ушул чечмелөөнү талап кылат.

Пайгамбар (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларына кам көрүүсү жана алардын ал-абалын сурап туруусу.

Булактар

Сахих ал-Бухари (3/ 34) (1946).

Сахих Муслим (2/ 786) (1115).

Сахих ал-Бухари (3/ 34) (1946).

Сахих Муслим (2/ 786) (1115).

Дагы (8)

تيسير العلام.

للبسام (ص327).

تنبيه الأفهام شرح عمدة الإحكام.

لابن عثيمين (3/ 433).

تيسير العلام.

للبسام (ص327).

تنبيه الأفهام شرح عمدة الإحكام.

لابن عثيمين (3/ 433).