Skip to content

Айтыңызчы, мен парз намаздарын окуп, Рамазан орозосун кармасам, адалды адал деп билип, арамды арам

Жабир, радыяллаху анху, риваят кылат:

Бир киши Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, мындай деп сурады: «Айтыңызчы, мен парз намаздарын окуп, Рамазан орозосун кармасам, адалды адал деп билип, арамды арам деп билсем жана бул нерселерге эч нерсе кошпосом, анда мен бейишке киреминби?» Анда Пайгамбарыбыз: «Ооба» - деди. Ал: «Аллахка ант болсун! Мен буга эч нерсе кошпойм» - деди.

أَنَّ رَجُلًا سَأَلَ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَقَالَ: أَرَأَيْتَ إِذَا صَلَّيْتُ الصَّلَوَاتِ الْمَكْتُوبَاتِ، وَصُمْتُ رَمَضَانَ، وَأَحْلَلْتُ الْحَلَالَ، وَحَرَّمْتُ الْحَرَامَ، وَلَمْ أَزِدْ عَلَى ذَلِكَ شَيْئًا، أَأَدْخُلُ الْجَنَّةَ؟ قَالَ: «نَعَمْ»، قَالَ: وَاللهِ لَا أَزِيدُ عَلَى ذَلِكَ شَيْئًا.

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ким беш убак намазды окуп аларга нафил намазды кошпосо, Рамазан орозосун кармап нафил орозо кармабаса, адалды адал деп билип жана аны аткарса, арамдын арам экендигин билип андан алыс болсо, анда анын бейишке кирерин баяндады.

Сөздөрдүн маанилери

...:

Хадистин пайдалары

Мусулман парздарды аткарууга жана арам нерселерди таштоого аракет кылат жана анын максаты бейишке кирүү болот.

Адал иштерди аткаруу жана анын адалдыгына ишенүүнүн, арам иштерди арам деп билүү жана ага тыюу салынган деп ишенүүнүн маанилүүлүгү.

Парздарды аткаруу жана арам иштерди таштоо бейишке кирүүгө себеп болот.

Булактар

Сахих Муслим (1/ 44) (15).

Дагы (3)

جامع العلوم والحكم (1/513).

شرح الأربعين النووية للعثيمين (ص: 215).

فتح القوي المتين في شرح الأربعين للعباد (ص 77).