Чындыгында, шайтан араб жарым аралында намаз окуучулардын ага сыйынуусунан үмүтүн үздү. Бирок, аларды бири-бирине кайраштыруудан үмүтүн үзө элек.
- التصنيف الشرعي
- الفضائل والآدابفقه الأخلاقالأخلاق الذميمة
Жабир (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, ал айтты: Мен Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтып жатканын уктум:
«Чындыгында, шайтан араб жарым аралында намаз окуучулардын ага сыйынуусунан үмүтүн үздү. Бирок, аларды бири-бирине кайраштыруудан үмүтүн үзө элек».
«إِنَّ الشَّيْطَانَ قَدْ أَيِسَ أَنْ يَعْبُدَهُ الْمُصَلُّونَ فِي جَزِيرَةِ الْعَرَبِ، وَلَكِنْ فِي التَّحْرِيشِ بَيْنَهُمْ».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төмөндөгүдөй кабар берген: Чындыгында, Иблис араб жарым аралындагы намаз окуган момундардын кайрадан ага сыйынып, буттарга (идол) сажда кылуусунан үмүтүн үздү. Бирок, ал дагы деле үмүт кылууда жана алардын ортосуна уруш-талаш, ич ара кастык, согуштарды жана фитналарды (чыр-чатактарды) салып, бири-бирин кайраштыруу (чагымчылык кылуу) жолунда өзүнүн болгон күчүн, аракетин, эмгегин жана умтулуусун тынымсыз жумшап келет.
Шайтанга сыйынуу – бул бутка сыйынуу, анткени ал буга буйруйт жана чакырат. Буга Аллах Тааланын Ибрахим (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) жөнүндө айткан сөзү далил: (Оо, атаке! Шайтанга баш ийип сыйынбаңыз…).
Шайтан мусулмандардын ортосуна талаш-тартыш, көралбастык, согуш жана фитна салууга аракет кылат.
Ислам дининдеги намаздын пайдаларынын бири — ал мусулмандардын ортосундагы сүйүүнү сактайт жана алардын ортосундагы бир туугандык байланыштарды күчөтөт.
Намаз — эки күбөлүк келимесинен кийинки эле диндин эң улук белгиси, ошондуктан мусулмандар намаз окуучулар деп аталган.
Араб жарым аралынын башка өлкөлөрдө болбогон өзгөчөлүктөрү бар.
Эгерде: Араб жарым аралынын кээ бир жерлеринде буттарга сыйынуу орун алган, ал эми Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): («Чындыгында, шайтан араб жарым аралында намаз окуучулардын ага сыйынуусунан үмүтүн үздү...») – деп айткан, – деп айтылса, анда бул (хадис) шайтан Ислам жеңиштерин жана адамдардын Аллахтын динине топ-тобу менен кирип жатканын көргөн кезде, анын көңүлүндө пайда болгон үмүтсүздүк тууралуу кабар берет. Демек, хадисте шайтандын божомолу жана күткөн нерсеси кабарланган, ал эми андан кийинки абал Аллах (Азза ва Жалла) каалаган даанышмандык себептүү башкача болуп чыкты.
Сахих Муслим (4/ 2166) (2812).
Сахих Муслим (4/ 2166) (2812).
Дагы (24)
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (3/ 110).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (2/ 1095).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (19/ 41).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (6/ 284).
فيض القدير.
للمناوي (2/ 356).
شرح النووي على صحيح مسلم.
لزكريا النووي (17/ 156).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (3/ 110).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (2/ 1095).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (19/ 41).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (6/ 284).
فيض القدير.
للمناوي (2/ 356).
شرح النووي على صحيح مسلم.
لزكريا النووي (17/ 156).
Китептерде келтирилген
2 КитептерДагы (2)
- رياض الصالحينرياض الصالحين مع فوائد وهدايات - 7«إنَّ الشَّيْطَانَ قَدْ أَيِسَ أَنْ يَعْبُدَهُ المُصَلُّونَ في جَزِيرَةِ العَرَبِ، ولَكِنْ في التَّحْرِيشِ بَيْنَهم».
- نبراس طالب (1)1«إِنَّ الشَّيْطَانَ قَدْ أَيِسَ أَنْ يَعْبُدَهُ الْمُصَلُّونَ فِي جَزِيرَةِ الْعَرَبِ، وَلَكِنْ فِي التَّحْرِيشِ بَيْنَهُمْ»