Skip to content

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) динге чакырбай туруп бир дагы эл менен согушкан эмес.

Ибн Аббас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) динге чакырбай туруп эч качан эч бир коом менен согушкан эмес.

مَا قَاتَلَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَوْمًا قَطُّ حَتَّى يَدْعُوَهُمْ.

Ахмад жана Байхакий риваят кылган
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Ибн Аббас (ага Аллах ыраазы болсун) кабарлагандай, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир коомду алгач Исламды кабыл алууга чакырмайынча алар менен согушууну баштачу эмес. Эгерде алар анын чакырыгын кабыл алышпаса, анда алар менен согушкан.

Хадистин пайдалары

Эгерде Ислам аларга жете элек болсо, согушуудан мурда Исламга чакыруу шарт.

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларды Исламга чакырган, эгер алар баш тартышса, аларга салык төлөөнү сунуштаган. Эгер андан да баш тартышса, башка хадистерде айтылгандай, алар менен согушкан.

Жихаддын даанышман-сыры - адамдардын Исламга кирүүсү, алардын жандарына, мал-мүлктөрүнө жана жерлерине көз артуу эмес.

Булактар

Муснад Ахмад (4/ 16) (2105).

Байхакийдин Ассунан Аль-Кубра китеби (9/ 181) (18232).

Муснад Ахмад (4/ 16) (2105).

Байхакийдин Ассунан Аль-Кубра китеби (9/ 181) (18232).

Дагы (2)

تحفة الأحوذي (5/ 130).

تحفة الأحوذي (5/ 130).