Оо, Аллах! Пенделериңди чогулткан же кайра тирилткен күнү азабындан мени сактай көр.
- التصنيف الشرعي
- الفضائل والآدابالآداب الشرعيةآداب النوم والاستيقاظ
Хузайфа ибн Яман (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
Чынында, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) уктоону кааласа, колун башына төшөп жатып, андан кийин: «Оо, Аллах, пенделериңди чогулткан же тирилткен күнү мени азабыңдан сактай көр!» - деп айтчу. Транскрипциясы: «Аллаахумма кынии ъазаабака явма табъасу ъибаадак.»
أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَانَ إِذَا أَرَادَ أَنْ يَنَامَ وَضَعَ يَدَهُ تَحْتَ رَأْسِهِ، ثُمَّ قَالَ: «اللَّهُمَّ قِنِي عَذَابَكَ يَوْمَ تَجْمَعُ أَوْ تَبْعَثُ عِبَادَكَ».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) уктоо үчүн төшөгүнө жатканда, оң колун төшөнүп, оң жаагын анын үстүнө коюп, мындай деп айтчу: «Оо, Аллах!» Раббим, эсеп күнүнө, Кыямат күнүнө «Пенделериңди чогулткан же кайра тирилткен күнү» «азабыңдан» жана жазаңдан «мени сактай көр» жана мени корго.
Бул берекелүү дубанын пазилети жана пайгамбарыбызды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ээрчип, ушул дубаны дайыма айтуу мустахаб.
Оң жагы менен жатуу мустахаб.
Ас-Синди минтип айткан: «Оо, Аллах, мени азабыңдан сактай көр» деген сөзү, акылдуу адамдын уйкуну өлүмдү жана анын артынан келген кайра тирилүүнү эстөөгө себеп кылуусу керектигин билдирет.
Кыямат күнү Аллахтын азабынан аман калуу — Аллахтын пазилети жана ырайымы менен, пендени жакшылык иштерге багыттоосу жана күнөөлөрүн кечирүүсү аркылуу болот.
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Раббиси жана Эгеси болгон Аллах Таалага жупунулугу.
Кайра тирилүүнү жана акыретке кайтууну, ошондой эле адамдар өздөрүнүн амалдарына жараша жооп берүү үчүн Раббисине кайтышарын тастыктоо. Ошондуктан кимде-ким жакшылык тапса, анда Аллах Таалага мактоо-шүгүрлөрдү айтсын. Ал эми кимде-ким андан башканы тапса, анда өзүн гана күнөөлөсүн. Чындыгында, бул – Аллах эсептеп койгон пенделердин амалдары гана.
Сахабалар (Аллах алардан ыраазы болсун) Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) уктап жаткан учурундагы абалын баяндап берүүгө ынтызар болушкан.
Анын: «Оң колун жаагынын алдына койду» деген сөзү. Ага каршы далил келген учурлардан башка, бардык нерсени оң тараптан баштоо – Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адаты болгон.
Оң каптал менен уктоо тез ойгонууга шарт түзөт. Анткени ал абалда жүрөк толук жайланышпайт жана ал жүрөккө жайлуураак болот; себеби ал сол жакта жайгашкан. Эгерде пенде сол жагы менен уктаса, дене мүчөлөрүнүн ага ооп калгандыгы себептүү жүрөккө зыян тийгизет.
Сунан ат-Тирмизи (5/ 404) (3398).
Сунан ат-Тирмизи (5/ 404) (3398).
Дагы (12)
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (2/ 533).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (17/ 335).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (2/ 1001).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (2/ 533).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (17/ 335).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (2/ 1001).