Skip to content

Эгер кааласаң сабыр кыл, сага бейиш болот, эгер кааласаң сени айыктырышын сурап Аллахка дуба кылайын.

Ибн Аббас (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылат:

Ал Атаа ибн Абу Рабахка: "Сага бейиштик аялды көрсөтөйүнбү?" - деди. Мен: "Ооба" - дедим. Ал айтты: "Ушул кара аял. Ал Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: "Менин талмам кармайт жана денем ачылып калат, мен үчүн Аллахка дуба кылыңыз" - деди. Ал: "Эгер кааласаң сабыр кыл, сага бейиш болот, эгер кааласаң сени айыктырышын сурап Аллахка дуба кылайын" - деди. Аял: "Сабыр кылам" — деди да, артынан: "Бирок (талмам кармаганда) денем ачылып калат, денем ачылбашы үчүн Аллахка дуба кылыңыз" - деп суранды. Андан соң Пайгамбар ал аял үчүн дуба кылды."

أنَّهُ قَالَ لعَطَاءِ بْنِ أَبِي رَبَاحٍ: أَلَا أُرِيكَ امْرَأَةً مِنْ أَهْلِ الْجَنَّةِ؟ قُلْتُ: بَلَى، قَالَ: هَذِهِ الْمَرْأَةُ السَّوْدَاءُ، أَتَتِ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، قَالَتْ: إِنِّي أُصْرَعُ وَإِنِّي أَتَكَشَّفُ، فَادْعُ اللهَ لِي، قَالَ: «إِنْ شِئْتِ صَبَرْتِ وَلَكِ الْجَنَّةُ، وَإِنْ شِئْتِ دَعَوْتُ اللهَ أَنْ يُعَافِيَكِ» قَالَتْ: أَصْبِرُ، قَالَتْ: فَإِنِّي أَتَكَشَّفُ فَادْعُ اللهَ أَنْ لَا أَتَكَشَّفَ، فَدَعَا لَهَا.

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Ибн Аббас (Аллах алардан ыраазы болсун) Атаа ибн Абу Рабахка мындай деди: Сага бейиш элинен болгон бир аялды көрсөтөйүнбү? Атаа: Ооба - деди. Ал айтты: Бул эфиопиялык кара аял. Ал Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип минтип айтты: Менин оорум бар, талмам кармап жыгылам жана өзүм сезбестен кийимим ачылып, денемдин кээ бир жерлери көрүнүп калат. Аллах мага шыпаа берүүсү үчүн дуба кылыңыз. Ал айтты: Эгер кааласаң сабыр кыл, сага бейиш болот. А эгер кааласаң, сени айыктыруусун сурап Аллахка дуба кылам. Анда аял: Анда сабыр кылам, - деди. Андан кийин ал мындай деди: Анда талмам кармап жыгылганымда ачылып калбашым үчүн Аллахка дуба кылыңыз. Ошондо ал аял үчүн Пайгамбар Аллахка дуба кылды.

Хадистин пайдалары

Бул дүйнөдөгү сыноолорго сабыр кылуу бейишке алып барат.

Ан-Навави минтип айткан: Бул хадис талма оорусу үчүн эң толук сооп берилерин далилдейт.

Сахаба аялдардын (Аллах алардан ыраазы болсун) абийирдүүлүгү, уялчаактыгы жана өзүн жашырууга болгон умтулуусу. Анткени бул аялдын эң көп корккон нерсеси – денесинин кайсы бир жери ачылып калуусу эле.

Ибн Хажар айтат: Ким өзүндө күч-кубат бар экенин билсе жана оордукту аткарууда алсырап калбаса, анда ал үчүн жеңилдиктерди пайдаланганга караганда, диндин бекем, оор өкүмдөрүн кармануусу абзел.

Ибн Хажар минтип айткан: Бул жерде бардык ооруларды дуба кылуу жана Аллага жалбаруу аркылуу дарылоо — дары-дармек менен дарылоого караганда алда канча натыйжалуу жана пайдалуу экенине далил бар. Ошондой эле мунун таасири жана ага дененин баш ийүүсү кадимки дарылардын таасиринен да жакшыраак. Бирок, бул ыкма эки гана шарт менен ишке ашат: Биринчиси: Оорулуу тараптан; Анын ниетинин түздүгү жана чын ыкласы (бекем ишеними). Экинчиси: Дарылоочу (дем салуучу) тараптан; Анын такыбалык жана тобокел кылуу аркылуу жүрөгүнүн жана Аллахка болгон багытынын күчтүүлүгү. Аллах Билүүчү.

Ибн Хажар айтат: Мында дарылануудан баш тартууга уруксат берилгенине далил бар.

Булактар

Сахих ал-Бухари (7/ 116) (5652).

Сахих Муслим (4/ 1994) (2576).

Сахих ал-Бухари (7/ 116) (5652).

Сахих Муслим (4/ 1994) (2576).

Дагы (8)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 95).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (1/ 235).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 95).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (1/ 235).