Жогорку кол ылдыйкы колдон жакшы.
- التصنيف الشرعي
- الفقهالزكاةصدقة التطوع
Абдуллах ибн Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) айткан:
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минбарда туруп, садака, пакизалык жана тилемчилик жөнүндө айтып жатып мындай деди: «Жогорку кол ылдыйкы колдон жакшы. Жогорку кол — бул берүүчү кол, ал эми ылдыйкы кол — бул суроочу кол».
أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ وَهُوَ عَلَى المِنْبَرِ، وَذَكَرَ الصَّدَقَةَ، وَالتَّعَفُّفَ، وَالمَسْأَلَةَ: «اليَدُ العُلْيَا خَيْرٌ مِنَ اليَدِ السُّفْلَى، فَاليَدُ العُلْيَا: هِيَ المُنْفِقَةُ، وَالسُّفْلَى: هِيَ السَّائِلَةُ».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минбарда кутпа айтып жатып, садака жана сурануудан тыйылуу тууралуу эскерип, анан мындай деген: Жогорку, сарптоочу жана берүүчү кол суроочу ылдыйкы колдон жакшы жана Аллахка сүйүктүүрөөк.
Хадисте жакшылык жолдорунда кайрымдуулук кылуунун жана каржылоонун артыкчылыгы жана сурануунун, тилемчиликтин жакшы эместиги баяндалат.
Мында элден суроодон пакиза болууга (арылууга), адамдарга көз карандысыз болууга чакыруу, ошондой эле иштердин бийик, улууларына умтулууга жана алардын төмөнүнөн алыс болууга үндөө камтылган. Чындыгында, Аллах улуу, бийик иштерди жакшы көрөт.
Колдор төрт түрдүү болот жана алардын даражасы төмөнкүдөй: эң жогоркусу – берүүчү кол, андан кийин —алуудан өзүн таза кармаган кол, андан кийин – сурабастан алган кол, андан кийин – эң ылдыйкысы суроочу (тилемчи) кол.
Сахих ал-Бухари (2/ 112) (1429).
Сахих Муслим (2/ 717) (1033).
Сахих ал-Бухари (2/ 112) (1429).
Сахих Муслим (2/ 717) (1033).
Дагы (24)
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 590).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 465).
التوضيح لشرح الجامع الصحيح.
لابن الملقن (10/ 315).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (3/ 388).
تحفة الأحوذي بشرح جامع الترمذي.
المباركفوري (3/ 288).
تطريز رياض الصالحين.
لفيصل آل مبارك (ص212).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 590).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 465).
التوضيح لشرح الجامع الصحيح.
لابن الملقن (10/ 315).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (3/ 388).
تحفة الأحوذي بشرح جامع الترمذي.
المباركفوري (3/ 288).
تطريز رياض الصالحين.
لفيصل آل مبارك (ص212).