Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 13

Чыпкаларды алып салуу
"Жакшылык - бул жакшы адеп-ахлак. Күнөө - көкүрөгүңдү өйүгөн жана адамдар билүүсүн жек көргөн иштериң"
Сахих (ишенимдүү) Биринчи хадисти Имам Муслим, ал эми экинчи хадисти Имам Ахмад жана Имам Дарими риваят кылган.
«Күчтүү момун алсыз момунга караганда Аллахка жакшыраак жана сүйүктүүрөөк. Алардын экөөсүндө тең жакшылык бар. Өзүңө пайдалуу болгон нерсеге умтул, Аллахтан жардам сура, жана алсыз болбо. Эгер сага бир кайгы-капа жетсе: « Эгер тигиндей кылсам, мындай болоор эле»-деп айтпа». Аллах тагдыр кылыптыр. Ал Өз каалаганын жасайт «-дегиле. Анткени, «Эгер» деген сөз шайтандын амалдарына жол ачат»
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир киши кыяматтын качан болорун сурап: Кыямат качан болот? - деди. Пайгамбар андан: "Кыяматка эмне даярдыгың бар?" - деп сурады. Тиги киши: Эч нерсе даярдыгым жок. Болгону, Аллахты жана Анын элчисин жакшы көрөм - деди. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Сен кимди жакшы көрсөң, ошону менен биргесиң" - деди. Анас айтат: Аллахтын элчисинин "Сен кимди жакшы көрсөң, ошону менен биргесиң" деген сөзүнө кубангандай буга чейин эч кубанган эмес элек. Анас сөзүн улап минтип айтты: "Мен Аллахтын элчисин, Абу Бакрды, Умарды жакшы көрөм. Алардай жакшы амалдарды көп кылбасам да, аларды жакшы көргөнүм үчүн алар менен бирге болом деп үмүт кыламын".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Эки мусулман бири-бири менен кылычташып урушканда, өлтүргөн да жана өлгөн да тозоко түшөт. Ошондо мен: «Аллахтын Элчиси, бул киши өлтүргөн адам, а бирок өлтүрүлгөн адамда эмне күнөө?» - деп айттым. Аллахтын Элчиси: «Ал да шеригин өлтүргүсү келген» - деди».
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
«Чындыгында, Аллах силердин келбетиңерге жана байлыгыңарга карабайт, бирок жүрөгүңөргө жана иш-аракетиңерге карайт».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Силердин эч бириңер мен ага атасынан, баласынан, жалпы эле адамдардан сүйүктүү болмоюнча толук ыймандуу боло албайт".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Кимде-ким шейит болууну чын жүрөктөн суранса, Аллах Таала аны ал төшөгүндө жатып өлсө да аны шейиттердин даражасына көтөрөт".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Ооруунун жугуусу, куш менен төлгө тартуу, үкү конгон үйдө жамандык болот деп ырым кылуу, Сафар айына ырым кылуу, мунун баары жок нерселер. Пес оорусу менен ооруган адамдан арстандан качкандай качкыла".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)