Skip to content
Сүрөлөрдүн тизмеси /

التوبَة

التوبَة is chapter 9 of the Quran and has 129 verses. This page presents it in full in the Uthmani script, with a verse-by-verse translation of its meaning.

129 Аяттар Сүрөнүн номери 9
Аятка өтүү
Kyrgyz · Hakimov

بَرَآءَةٞ مِّنَ ٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦٓ إِلَى ٱلَّذِينَ عَٰهَدتُّم مِّنَ ٱلۡمُشۡرِكِينَ

(Бул –) Аллах жана (Анын) пайгамбары тарабынан силер убада-келишим түзгөн (бирок кыянат кылган) мушриктер үчүн (келишим милдетинен) кутулуу (жарыясы)!

فَسِيحُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ أَرۡبَعَةَ أَشۡهُرٖ وَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّكُمۡ غَيۡرُ مُعۡجِزِي ٱللَّهِ وَأَنَّ ٱللَّهَ مُخۡزِي ٱلۡكَٰفِرِينَ

(О, мушриктер!) Төрт ай (мөөнөттүн) ичинде Жер бетинде (тынч-аман) жүрө бергиле. (Силерге тынчтык мөөнөтү берилсе да) силер эч качан Аллахты алсыз калтыра албайсыңар, мына ушуну билип алгыла. Аллах (ширк иштерин уланткан) каапырларды шерменде кылуучу.

وَأَذَٰنٞ مِّنَ ٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦٓ إِلَى ٱلنَّاسِ يَوۡمَ ٱلۡحَجِّ ٱلۡأَكۡبَرِ أَنَّ ٱللَّهَ بَرِيٓءٞ مِّنَ ٱلۡمُشۡرِكِينَ وَرَسُولُهُۥۚ فَإِن تُبۡتُمۡ فَهُوَ خَيۡرٞ لَّكُمۡۖ وَإِن تَوَلَّيۡتُمۡ فَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّكُمۡ غَيۡرُ مُعۡجِزِي ٱللَّهِۗ وَبَشِّرِ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِعَذَابٍ أَلِيمٍ

(Бул) Аллах жана (Анын) пайгамбары тарабынан, чоң ажы күнү (Курман майрамы) болгондо адамдарга, Аллах жана пайгамбары мушриктерден таза (б.а. алардын алдында убада-милдеттенмеси жок) экенин жарыялап коюу! (О, мушриктер!) Эгер тообо кылсаңар, өзүңөргө жакшы (мал-жаныңарды сактап каласыңар). Эгер жүз бурсаңар, билип койгула, силер Аллахты алсыз калтыруучу эмессиңер. Ошондой эле (О, Мухаммад,) каапырларга жан ооруткан азаптын кабарын берип кой!

Explanation & meanings · 1
  1. Хижранын 9-жылынын чоң ажы күнүндө, Меккеге келген бардык арабдардын алдында – алардын арасында мусулманы да, мушриги да бар эле – Али бин Абу Талип, Аллахтын ушул өкүмүн окуп билдирди. Жана ушул (9-) жылдан кийин бардык мушриктер үчүн Аль-Харамга (Каабага) кирүүгө тыюу салынды.

إِلَّا ٱلَّذِينَ عَٰهَدتُّم مِّنَ ٱلۡمُشۡرِكِينَ ثُمَّ لَمۡ يَنقُصُوكُمۡ شَيۡـٔٗا وَلَمۡ يُظَٰهِرُواْ عَلَيۡكُمۡ أَحَدٗا فَأَتِمُّوٓاْ إِلَيۡهِمۡ عَهۡدَهُمۡ إِلَىٰ مُدَّتِهِمۡۚ إِنَّ ٱللَّهَ يُحِبُّ ٱلۡمُتَّقِينَ

Ал эми, силер келишим түзгөн мушриктер (милдеттенмелерден) эч нерсени бузбаса жана силердин эч бир душманыңарга жардам бербесе, анда алардын келишимдерин өз мөөнөтүнө чейин толук сактагыла. Аллах такыба кишилерди сүйөт.

فَإِذَا ٱنسَلَخَ ٱلۡأَشۡهُرُ ٱلۡحُرُمُ فَٱقۡتُلُواْ ٱلۡمُشۡرِكِينَ حَيۡثُ وَجَدتُّمُوهُمۡ وَخُذُوهُمۡ وَٱحۡصُرُوهُمۡ وَٱقۡعُدُواْ لَهُمۡ كُلَّ مَرۡصَدٖۚ فَإِن تَابُواْ وَأَقَامُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتَوُاْ ٱلزَّكَوٰةَ فَخَلُّواْ سَبِيلَهُمۡۚ إِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ رَّحِيمٞ

Эми, качан “Аль-Хурум” айлары (мушриктер менен согушууга тыюуу салынган төрт ай) чыгаары менен, мушриктерди тапкан жериңерде өлтүргүлө, туткундагыла, курчоого алгыла жана (алардын) ар бир жолдорунда (сазайын берүү үчүн) күтүп олтургула! Эгерде тообо кылып, намаз окуп, зекет беришсе (мусулман болушса) жолдоруна тоскоол болбогула. Чынында, Аллах – Кечирүүчү, Ырайымдуу.

Explanation & meanings · 1
  1. Тообо кылган мушриктердин өткөн күнөөлөрүн кечирүү менен аларга ырайым кылат.