9 : 114
وَمَا كَانَ ٱسۡتِغۡفَارُ إِبۡرَٰهِيمَ لِأَبِيهِ إِلَّا عَن مَّوۡعِدَةٖ وَعَدَهَآ إِيَّاهُ فَلَمَّا تَبَيَّنَ لَهُۥٓ أَنَّهُۥ عَدُوّٞ لِّلَّهِ تَبَرَّأَ مِنۡهُۚ إِنَّ إِبۡرَٰهِيمَ لَأَوَّٰهٌ حَلِيمٞ
Ибрахим атасынын күнөөсүн сураган болсо, ага берген убадасы бар эле. Качан ага атасы Аллахтын душманы экени билингенде, андан «кол жууду». Чынында, Ибрахим Раббисине кайтуучу, ырайымдуу эле.
Explanation & meanings · 1
- Ибрахим пайгамбар атасы Аллахтын душманы экенин биле электе “мен сиздин күнөөңүздү кечирүүсүн Аллахтан сураймын” - деп убада берген болчу.