9 : 66
لَا تَعۡتَذِرُواْ قَدۡ كَفَرۡتُم بَعۡدَ إِيمَٰنِكُمۡۚ إِن نَّعۡفُ عَن طَآئِفَةٖ مِّنكُمۡ نُعَذِّبۡ طَآئِفَةَۢ بِأَنَّهُمۡ كَانُواْ مُجۡرِمِينَ
Кечирим сурабай эле койгула, силер ыйман келтиргениңерден кийин (кайрадан) каапыр болуп бүттүңөр! Эгер силерден бир тайпаны кечирсек, (дагы) башка бир тайпаны күнөөкөр болгону себептүү азаптайбыз.
Explanation & meanings · 1
- Бул аяттын өкүмү боюнча Аллах тааланын жана Анын пайгамбарынын үстүнөн күлгөндөр менен дин өкүмдөрүнөн бир өкүмдү же ибадаттардан бир ибадатты мыскылдагандар каапыр болушат.