Skip to content
Сүрөлөрдүн тизмеси /

المُزمل

المُزمل is chapter 73 of the Quran and has 20 verses. This page presents it in full in the Uthmani script, with a verse-by-verse translation of its meaning.

20 Аяттар Сүрөнүн номери 73
Аятка өтүү
Kyrgyz · Hakimov
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

يَٰٓأَيُّهَا ٱلۡمُزَّمِّلُ

Оо, оронуп жаткан киши!

قُمِ ٱلَّيۡلَ إِلَّا قَلِيلٗا

Түндөсү (тахажжуд намазы үчүн) тур. Түндүн бир аз гана бөлүгүндө уктасаң жетишет.

نِّصۡفَهُۥٓ أَوِ ٱنقُصۡ مِنۡهُ قَلِيلًا

Түн жарымда (тур) же андан да бир азга кемит(ип, үчтөн бир бөлүгүндө тур).

أَوۡ زِدۡ عَلَيۡهِ وَرَتِّلِ ٱلۡقُرۡءَانَ تَرۡتِيلًا

Же бир аз кош жана Куранды кыраатын келиштирип оку!

Explanation & meanings · 1
  1. Пайгамбарыбыздын кырааты жөнүндө Ибн Аббас: “анык-даана окуйт болчу” деген (Табарий). Анас разияллоху анху болсо “Сөздөрдү созуп, аяттарда токтоп-токтоп окуйт эле” деген. (Бухарий, Ибн Касир). Ал эми, Умму Салама энебиз пайгамбарыбыздын кырааты жөнүндө: “Ар бир аятта токтоп, бөлүп-бөлүп, шашылбай окуган” деп маалымат берген. Ошондой эле, пайгамбарыбыздан “Куранды добушуңар менен кооздогула” деген хадис риваят кылынган. (Ибн Касир).

إِنَّا سَنُلۡقِي عَلَيۡكَ قَوۡلٗا ثَقِيلًا

Биз жакында сага салмактуу Сөздү (Куранды) түшүрөбүз.