Skip to content
المُزمل /

Аят 4

73 : 4
المُزمل Аяттар 20
73 : 4

أَوۡ زِدۡ عَلَيۡهِ وَرَتِّلِ ٱلۡقُرۡءَانَ تَرۡتِيلًا

Же бир аз кош жана Куранды кыраатын келиштирип оку!

Explanation & meanings · 1
  1. Пайгамбарыбыздын кырааты жөнүндө Ибн Аббас: “анык-даана окуйт болчу” деген (Табарий). Анас разияллоху анху болсо “Сөздөрдү созуп, аяттарда токтоп-токтоп окуйт эле” деген. (Бухарий, Ибн Касир). Ал эми, Умму Салама энебиз пайгамбарыбыздын кырааты жөнүндө: “Ар бир аятта токтоп, бөлүп-бөлүп, шашылбай окуган” деп маалымат берген. Ошондой эле, пайгамбарыбыздан “Куранды добушуңар менен кооздогула” деген хадис риваят кылынган. (Ибн Касир).