Skip to content
Сүрөлөрдүн тизмеси /

الجِن

الجِن is chapter 72 of the Quran and has 28 verses. This page presents it in full in the Uthmani script, with a verse-by-verse translation of its meaning.

28 Аяттар Сүрөнүн номери 72
Аятка өтүү
Kyrgyz · Hakimov
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

قُلۡ أُوحِيَ إِلَيَّ أَنَّهُ ٱسۡتَمَعَ نَفَرٞ مِّنَ ٱلۡجِنِّ فَقَالُوٓاْ إِنَّا سَمِعۡنَا قُرۡءَانًا عَجَبٗا

Айт (оо, Мухаммад) “Мага (Аллах тааладан мындай деген) вахий келди: Жиндердин бир жамааты (Куранды) угушту жана (бири-бирине мындай) дешти: “Биз ажаайып Куран уктук.

Explanation & meanings · 1
  1. Курани Карим жер бетиндеги эки салмактуу элдер – инсандар жана жиндер үчүн түшүрүлгөн. Мунун мааниси Куран өкүмдөрү инсандарга кандай парыз болсо, жиндерге да ошондой парыз.

يَهۡدِيٓ إِلَى ٱلرُّشۡدِ فَـَٔامَنَّا بِهِۦۖ وَلَن نُّشۡرِكَ بِرَبِّنَآ أَحَدٗا

Ал туура жолго баштайт экен. Биз ага ыйман келтирдик. Эми, биз Раббибизге эч кимди шерик кылбайбыз!

وَأَنَّهُۥ تَعَٰلَىٰ جَدُّ رَبِّنَا مَا ٱتَّخَذَ صَٰحِبَةٗ وَلَا وَلَدٗا

Чынында Раббибиздин кудурети бийик (жана) Ал (Өзүнө) аял да, перзент да туткан эмес!

Explanation & meanings · 1
  1. Аллах таалага шерик кылуунун эң чоңу “Аллахтын аялы жана баласы” бар деп ишенүү. Бул аятта жиндер дагы Аллах тааланы аял жана балага муктаж болуудан аруулап жатканы баяндалууда. Бирок, “Аллахтын аялы жана баласы” бар деген сыяктуу акылга сыйбаган (жалган) сөздү айтуучулар биздин арабызда да бар – дешет жиндер.

وَأَنَّهُۥ كَانَ يَقُولُ سَفِيهُنَا عَلَى ٱللَّهِ شَطَطٗا

Чынында, биздин акмактарыбыз Аллах жөнүндө акылга сыйбаган (жалган) сөздөрдү айтышат.

وَأَنَّا ظَنَنَّآ أَن لَّن تَقُولَ ٱلۡإِنسُ وَٱلۡجِنُّ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبٗا

Биз болсо, инсандар менен жиндер Аллахка (Анын улуулугуна жарашпаган) жалган сөздөрдү эч качан доомат кылбайт деп ойлочубуз.