Skip to content
Сүрөлөрдүн тизмеси /

الوَاقِعة

الوَاقِعة is chapter 56 of the Quran and has 96 verses. This page presents it in full in the Uthmani script, with a verse-by-verse translation of its meaning.

96 Аяттар Сүрөнүн номери 56
Аятка өтүү
Kyrgyz · Hakimov
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

إِذَا وَقَعَتِ ٱلۡوَاقِعَةُ

(Кыяматтык) окуя болгондо...

لَيۡسَ لِوَقۡعَتِهَا كَاذِبَةٌ

Анын болгонун эч ким «жалган» дей албайт.

خَافِضَةٞ رَّافِعَةٌ

Ал төмөндөтүүчү, бийиктетүүчү.

Explanation & meanings · 1
  1. Куранда кыяматтын бир нече аталыштары келген. Алардын бири Вакеьа. Кыямат келип калганда, анын белгилерин, коркунучтарын өз көзү менен көргөн бардык акыл-эстүүлєр ага ишенишет. Бирок, ошого чейин эле (бул дүйнөдө) Аллaх тааланын сурагынан коркуп, адал жашагандардын кадыры ал күндө бийик болот. Ишенбей, арам жашагандар төмөн, кор жашоого кабылат.

إِذَا رُجَّتِ ٱلۡأَرۡضُ رَجّٗا

Жер катуу силкинип, титирегенде...,

وَبُسَّتِ ٱلۡجِبَالُ بَسّٗا

Тоолор дагы талкаланып,