Skip to content

суроо: Мусулман аялдын хижабы кандай болушу керек?

الباب / الفصل
قسم المنوعات

السؤال

س١٤: ما صفات حجاب المرأة المسلمة؟

14-суроо: Мусулман аялдын хижабы кандай болушу керек?

الجواب

ج:- أن يكون ساترًا لجميع البدن.

– أن لا يكون به زينة.

– أن لا يكون شفافًا.

– أن يكون واسعًا غير ضيق.

– أن لا يكون مبخرًا مطيبًا.

– أن لا يشبه لباس الرجل.

– أن لا يشبه لباس الكافرات والفاسقات.

  • قال تعالى:

﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِيُّ قُل لِّأَزۡوَٰجِكَ وَبَنَاتِكَ وَنِسَآءِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ يُدۡنِينَ عَلَيۡهِنَّ مِن جَلَٰبِيبِهِنَّۚ ذَٰلِكَ أَدۡنَىٰٓ أَن يُعۡرَفۡنَ فَلَا يُؤۡذَيۡنَۗ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورٗا رَّحِيمٗا﴾

[الأحزاب: ٥٩].

معنى الآية:

يا أيها النبي قل لأزواجك وبناتك ونساء المؤمنين يرخين على رؤوسهن ووجوههن مِن أرديتهن وملاحفهن؛ لستر وجوههن وصدورهن ورؤوسهن؛ ذلك أقرب أن يميَّزن بالسَّتر والصيانة، فلا يُتعرَّض لهن بمكروه أو أذى. وكان الله غفورًا رحيمًا حيث غفر لكم ما سلف، ورحمكم بما أوضح لكم من الحلال والحرام.

Жооп: Бардык дене-мүчөсүн жабуусу керек.

– Анда жасалгасы болбоосу керек.

– Дене-мүчөлөрү көрүнө турган жука болбоосу керек.

– Дене мүчөлөрү билине тургандай тар болбоосу керек, кенен болуусу керек.

– Жыттуу нерселер себилген болбоосу керек.

– Эркектердин кийимине окшошпоосу керек.

– Каапыр жана бузуку аялдардын кийимине окшошпоосу керек.

Аллах Таала минтип айткан:

Оо, пайгамбар! Аялдарыңа, кыздарыңа жана ыймандуулардын аялдарына айткын: жоолуктарын өздөрүнө жакындатып (көкүрөк-баштарын жаап) алышсын! Ушул алардын (күңдөрдөн ажыралып) таанымал болууларына жана иренжитилбей жүрүүлөрүнө жакыныраак (жорук). Аллах Кечиримдүү, Ырайымдуу.

(Ахзаб сүрөсү, 21-аят).

Бул аяттын мааниси:

"Оо, пайгамбар! Аялдарыңа, кыздарыңа жана ыймандуулардын аялдарына айткын: жүздөрүн, көкүрөктөрүн жана баштарын жабыш үчүн сырткы кийимдерин жана оромолдорун үстүлөрүнө түшүрүшсүн. Бул алардын жамынуу жана сактануу менен айырмаланып туруусуна жакыныраак. Ошентип аларга эч ким жамандык же зыян менен тийишпейт. Аллах Кечиримдүү, Ырайымдуу. Анткени Ал силердин мурунку күнөөңөрдү кечирди жана силерге адал менен арамды түшүндүрүп берүү менен ырайым кылды".