Skip to content

суроо: Бул ысымдардын маанисин түшүндүрүңүз.

الباب / الفصل
قسم العقيدة

السؤال

س33: اشرح هذه الأسماء.

33-суроо: Бул ысымдардын маанисин түшүндүрүңүз.

الجواب

ج:الله: ومعناه الإله المعبود بحق، وحده لا شريك له.

  • الرب: أي الخالق والمالك الرازق والمدبر وحده سُبْحَانَهُ.
  • السميع: الذي وسع سمعه كل شيء، ويسمع كل الأصوات على اختلافها وتنوعها.
  • البصير: الذي يرى كل شيء، ويبصر كل شيء صغر أو كبر.
  • العليم: فهو الذي أحاط علمه بكل شيء بالماضي والحاضر والمستقبل.
  • الرحمن: الذي وسعت رحمته كل مخلوق وحي، فكل العباد والمخلوقات تحت رحمته.
  • الرزاق: الذي عليه رزق جميع المخلوقات من الإنس والجن وجميع الدواب.
  • الحي: الحي الذي لا يموت، وكل الخلق يموتون.
  • العظيم: الذي له الكمال كله والعظمة كلها في أسمائه وصفاته وأفعاله.
  • الحكيم: الذي أحكم خلقه، وأتقنه، وأحسنه، وله الحكمة في خلقه وأمره.
  • والحكمة: وضع الأشياء مواضعها، وتنزيلها منازلها.

Жооп: Аллах: Анын мааниси - акыйкатта сыйынууга татыктуу, жалгыз жана шериги жок Кудай.

  • Ар-Рабб: Жалгыз Өзү Жаратуучу, Падыша, Ырыскы берүүчү жана Башкаруучу. Ал кемчиликсиз.
  • Ас-Самиъ: угуусу бардык нерсени камтыган, ар түрдүү үндөрдүн баарын угуучу.
  • Ал-Басир: бардык нерсени көрүүчү; кичине болсун, чоң болсун, баарын көрүп турат.
  • Билүүчү: Анын илими өткөндү, учурду, келечекти жана бардык нерсени камтып алган.
  • Ар-Рахман: ырайымы ар бир тирүү макулукту камтыган. Ошондуктан, бардык пенделер жана макулуктар Анын ырайымына бөлөнгөн.
  • Ар-Раззак: Бардык жаратылгандардын – инсандар, жиндер жана бардык жан-жаныбарлардын – ырыскысын Өз моюнуна алган.
  • Аль-Хайй: Ал Тирүү, Ал өлбөйт, ал эми бүткүл макулуктар өлүшөт.

Ал-Азиим: Ал – ысымдарында, сыпаттарында жана иш-аракеттеринде бардык кемчиликсиздикке жана толук улуулукка ээ болгон Зат.

  • Ал-Хаким: Даанышман, Ал Өзүнүн жараткандарын бекем, кемчиликсиз жана эң жакшы кылып жараткан. Анын жаратуусунда жана буйругунда терең даанышмандык бар.
  • Хикмат дегени, даанышмандык: бардык нерселерди өз ордуна коюп, жайгаштыруу.