Аллах эркек кишиге же аял кишиге артынан жакындык кылган эркек кишиге карабайт
Ибн Аббас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Аллах эркек кишиге же аял кишиге артынан жакындык кылган эркек кишиге карабайт».
«لَا يَنْظُرُ اللهُ إِلَى رَجُلٍ أَتَى رَجُلًا أَوِ امْرَأَةً فِي دُبُرٍ».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эркекке же аялга арткы мүчөсүнөн жакындык кылган эркекке Аллах мээрим назары менен карабай турган катуу азап болорун жана бул чоң күнөөлөрдүн бири экенин баяндады.
Эркектин эркекке жакындашуусу – бул бачабаздык – чоң күнөөлөрдөн.
Аялга арткы жолунан жакындык кылуу чоң күнөөлөрдөн.
"(Аллах карабайт) башкача айтканда, ырайым жана мээримдүүлүк назары менен карабайт, мындан максат: жалпы кароо эмес; анткени Кемчиликсиз Аллах Таалага эч нерсе жашыруун эмес жана Анын көрүүсүнөн эч нерсе четте калбайт."
Бул амалдар жийиркеничтүү иштердин эң чоңу жана адамзат үчүн эң коркунучтуусу. Анткени, анда таза адам табиятына каршы жат көрүнүш, урпактын азайышы, үй-бүлөлүк жашоону бузуу, кастык жана жек көрүүчүлүктү жаратуу жана ыплас орундарга түшүү бар.
Сунан ат-Тирмизи (2/ 457) (1165).
Сунан ал-Кубра лин-Насааи (8/ 197) (8952).
Сунан ат-Тирмизи (2/ 457) (1165).
Сунан ал-Кубра лин-Насааи (8/ 197) (8952).
Дагы (12)
توضِيحُ الأحكَامِ مِن بُلوُغ المَرَام.
للبسام (5/ 347).
فتح ذي الجلال والإكرام بشرح بلوغ المرام.
لابن عثيمين (4/ 536).
تحفة الأحوذي بشرح جامع الترمذي.
للمباركفوري (4/ 276).
توضِيحُ الأحكَامِ مِن بُلوُغ المَرَام.
للبسام (5/ 347).
فتح ذي الجلال والإكرام بشرح بلوغ المرام.
لابن عثيمين (4/ 536).
تحفة الأحوذي بشرح جامع الترمذي.
للمباركفوري (4/ 276).