Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, жана мактоосу болсун) заара ушатып, анан даарат алып, маасыларына масх тартканын көрдүм.
- التصنيف الشرعي
- الفقهالطهارةالمسح على الخفين ونحوهما
Ибрахим ан-Нахаи (ага Аллах ырайым кылсын) Хаммам бин Ал-Харистен риваят кылып минтип айткан:
Жарир (ага Аллах ыраазы болсун) заара кылды. Анан даарат алып, эки маасысына масх тартты. Андан: "Сен ушундай кыласыңбы?" - деп сурашты. Ал: "Ооба, мен Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) заара кылып, анан даарат алып, эки маасысына масх тартканын көргөм", - деди. Амаш айтты: Ибрахим мындай деди: "Бул хадис аларга жагат эле, анткени Жарирдин Исламды кабыл алуусу «Маида» сүрөсү түшкөндөн кийин болгон".
بَالَ جَرِيرٌ، ثُمَّ تَوَضَّأَ، وَمَسَحَ عَلَى خُفَّيْهِ، فَقِيلَ: تَفْعَلُ هَذَا؟ فَقَالَ: نَعَمْ، رَأَيْتُ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ بَالَ، ثُمَّ تَوَضَّأَ وَمَسَحَ عَلَى خُفَّيْهِ. قَالَ الأَعْمَشُ: قَالَ إِبْرَاهِيمُ: كَانَ يُعْجِبُهُمْ هَذَا الحَدِيثُ؛ لِأَنَّ إِسْلَامَ جَرِيرٍ، كَانَ بَعْدَ نُزُولِ المَائِدَةِ.
Жарир бин Абдуллах (ага Аллах ыраазы болсун) заара ушатып, андан кийин даарат алды. Ал буттарын жуубастан, эки маасысына масх тартуу менен чектелди. Ошондо айланасындагылар ага: "Ушундай кылса болобу?!" - дешти. Ал: "Ооба, мен пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) заара ушатып, андан кийин даарат алып, эки маасысына масх тартканын көргөм" - деди. Жарир Исламды кечирээк, ичинде даарат аяты бар "Маида" сүрөсү түшкөндөн кийин кабыл алган. Муну менен ал маасыга масх тартуу ошол аят менен жокко чыгарылбаганына ишаара кылган.
Сахабалар жана табийиндер пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүннөтүнө ээрчүүгө өтө ынтызар болушкан.
Имам Навави мындай деген: Ижмада пикири эсепке алынган аалымдар маасыга масх тартуу жайыз экендигине бир пикирге келишкен. Сапардагы адам үчүн да, туруктуу жашоочу (муким) үчүн да, муктаждык болсо да, болбосо да, атүгүл үйүнөн чыкпаган аял жана баса албаган оорулуу адам үчүн да маасыга масх тартуу жайыз болуп эсептелет.
Жарир бин Абдуллахтын (ага Аллах ыраазы болсун) артыкчылыгы: ал кең пейил болуп, шакирттери жаңылышкан болсо да, алардын ага каршы чыгууларын көтөрө билген.
Маасыга масх тартууну жокко чыгарып, ал күчүн жоготкон өкүм деп доомат кылгандарга жооп; анткени Жарирдин (ага Аллах ыраазы болсун) хадиси даарат жөнүндөгү аяттан кийин келген.
Кимдин кайсы бир ишине сын айтылса жана ал анын тууралыгына ишенсе, анда өзүнө сын айткан адамга ачууланбоосу жана аны менен куру божомолго таянып талашып-тартышпоосу, тескерисинче, бул боюнча өзүнүн таянган далилин ага эң жакшы жол менен түшүндүрүп берүүсү керектигин баяндоо.
Зарыл болгон учурда тарыхтан далил келтирүү.
Сахих ал-Бухари (1/ 87) (387).
Сахих Муслим (1/ 227) (272).
Сахих ал-Бухари (1/ 87) (387).
Сахих Муслим (1/ 227) (272).
Дагы (2)
البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (7/ 39).
البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (7/ 39).