Эч кимиңер эки ийининде эч нерсе жок бир гана кийим менен намаз окубасын.
- التصنيف الشرعي
- الفقهالصلاةشروط الصلاة
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Эч кимиңер эки ийининде эч нерсе жок бир гана кийим менен намаз окубасын».
«لاَ يُصَلِّي أَحَدُكُمْ فِي الثَّوْبِ الوَاحِدِ لَيْسَ عَلَى عَاتِقَيْهِ شَيْءٌ».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир кийим менен намаз окуган адамдын моюн менен далынын ортосундагы эки ийинин, аларды жаба турган эч нерсе салбастан жылаңач калтыруусунан тыйган. Анткени, эки ийин аврет болбосо да, аларды жабуу авретти толук жабууга көбүрөөк жардам берет жана бул намазда Аллах Тааланын алдында турганда Аны улуктоого жана Ага урмат көрсөтүүгө жакыныраак.
Жабуусу милдеттүү (фарз) болгон жерлерин жапкан шартта, бир кийим менен намаз окууга уруксат.
Бири дененин үстүңкү бөлүгүн, ал эми экинчиси астыңкы бөлүгүн жапкан эки кийим менен намаз окууга болот.
Намаз окуучунун жакшы көрүнүштө болуусу мустахаб.
Эгер мүмкүнчүлүгү болсо, намазда эки ийинин же алардын бирин жабуу милдеттүү (важиб). Ал эми бул тыюу танзих (макрух) маанисинде деп да айтылган.
Сахабалардын (Аллах алардан ыраазы болсун) колундагы мал-мүлкүнүн аздыгы, атүгүл алардын кээ бирлеринин эки кийими да жок эле.
Навави хадистин мааниси жөнүндө минтип айткан: "Мунун хикматы: эгерде ал кийимди белине гана ороп, ийинине андан эч нерсе таштабаса, авраты ачылып калуу коркунучу бар. Ал эми анын бир бөлүгүн ийинине таштап алганда андай болбойт. Ошондой эле, ал кийимди бир же эки колу менен кармап турууга муктаж болуп, ошол нерсе менен алек болуп калат. Натыйжада, оң колун сол колунун үстүнө коюп көкүрөгүнүн алдына байлоо, шариятта буйрулган жерлерде колдорду көтөрүү ж.б. ушул сыяктуу сүннөттөр аткарылбай калат. Ошондой эле мында дененин жогорку бөлүгүн жана зыйнат ордун жаппай калуу бар. Аллах Таала минтип айткан: {Ар бир мечитке барганда зыйнатыңарды алгыла} [Араф: 31]."
Сахих ал-Бухари (1/ 81) (359).
Сахих Муслим (1/ 368) (516).
Сахих ал-Бухари (1/ 81) (359).
Сахих Муслим (1/ 368) (516).
Дагы (20)
سبل السلام.
لمحمد الصنعاني (1/ 198).
توضيح الأحكام مِن بلوغ المرام.
لعبد الله البسام (2/ 8).
فتح ذي الجلال والإكرام شرح بلوغ المرام.
لابن عثيمين (1/ 501).
منحة العلام في شرح بلوغ المرام.
لعبد الله الفوزان (2/ 330).
تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.
لعبد الله البسام (ص203).
سبل السلام.
لمحمد الصنعاني (1/ 198).
توضيح الأحكام مِن بلوغ المرام.
لعبد الله البسام (2/ 8).
فتح ذي الجلال والإكرام شرح بلوغ المرام.
لابن عثيمين (1/ 501).
منحة العلام في شرح بلوغ المرام.
لعبد الله الفوزان (2/ 330).
تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.
لعبد الله البسام (ص203).