Skip to content

Чындыгында бейиште бир базар бар, ага бейиш эли ар жума күнү келип турушат.

Анас ибн Малик (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан:

"Чындыгында бейиште бир базар бар, ага бейиш эли ар жума күнү келип турушат. Анда түндүк тараптан келген шамал беттерин жана кийимдерин сылап өтөт, андан алардын сулуулуктары дагы да артып үй-бүлөлөрүнө барышса, алардын да сулуулугу көбөйүп калат. Аларга аялдары: Аллахка ант, сулуулугуңар дагы артыптыр деп айтат. Алар да: Аллахка ант, силердин да сулуулугуңар артыптыр дешет."

«إِنَّ فِي الْجَنَّةِ لَسُوقًا، يَأْتُونَهَا كُلَّ جُمُعَةٍ، فَتَهُبُّ رِيحُ الشَّمَالِ فَتَحْثُو فِي وُجُوهِهِمْ وَثِيَابِهِمْ، فَيَزْدَادُونَ حُسْنًا وَجَمَالًا، فَيَرْجِعُونَ إِلَى أَهْلِيهِمْ وَقَدِ ازْدَادُوا حُسْنًا وَجَمَالًا، فَيَقُولُ لَهُمْ أَهْلُوهُمْ: وَاللهِ لَقَدِ ازْدَدْتُمْ بَعْدَنَا حُسْنًا وَجَمَالًا، فَيَقُولُونَ: وَأَنْتُمْ وَاللهِ لَقَدِ ازْدَدْتُمْ بَعْدَنَا حُسْنًا وَجَمَالًا».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бейиште алар чогула турган бир орун бар экенин кабарлайт. Анда сатуу да, сатып алуу да жок, андан каалаган нерселерин алышат. Ага ар бир жети күн сайын келип турушат. Түндүк тараптан келген шамал беттерин жана кийимдерин сылап өтөт да, андан сулуулуктары дагы артат. Сулуулуктары артып үй-бүлөлөрүнө кайтып барышса, аларга аялдары: Аллахка ант, бизден кийин сулуулугуңар дагы артыптыр деп айтат. Алар да: Аллахка ант, силердин да бизден кийин сулуулугуңар артыптыр дешет.

Хадистин пайдалары

Бейиштегилердин сулуулугу жана кооздугу дайым көбөйүп турарын баяндоо.

Хадистер адамды бул жайга жетүүгө себеп боло турган жакшы иш-амалдарды кылууга кызыктырат.

Түндүктөн келген шамал өзгөчө айтылды. Анткени ал арабдар үчүн эң жакшы шамал болгон, себеби ал жакшылык жана жамгыр алып келген.

Бейишке жана анын ырахатына кызыктыруу менен Аллахтын динине чакырууга үндөө.

Булактар

Сахих Муслим (4/ 2178) (2833).

Сахих Муслим (4/ 2178) (2833).

Дагы (16)

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (2/ 1290).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (3/ 347).

تطريز رياض الصالحين.

لفيصل آل مُبَارَك (ص1088).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (6/ 731).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (2/ 1290).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (3/ 347).

تطريز رياض الصالحين.

لفيصل آل مُبَارَك (ص1088).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (6/ 731).