Чындыгында, тозок ээлеринин ичинен эң жеңил азап тартуучусу — бутунда тозоктон болгон эки кепичи жана эки боосу бар адам. Алардан улам анын мээси кудум казан кайнагандай кайнап турат. Ал эч кимди өзүнөн катуураак азап тартып жатат деп ойлобойт, бирок чынында ал алардын эң жеңил азап тартуучусу.
Нуъман ибн Башир (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Чындыгында, тозок ээлеринин ичинен эң жеңил азап тартуучусу — бутунда тозоктон болгон эки кепичи жана эки боосу бар адам. Алардан улам анын мээси кудум казан кайнагандай кайнап турат. Ал эч кимди өзүнөн катуураак азап тартып жатат деп ойлобойт, бирок чынында ал алардын эң жеңил азап тартуучусу».
«إِنَّ أَهْوَنَ أَهْلِ النَّارِ عَذَابًا مَنْ لَهُ نَعْلَانِ وَشِرَاكَانِ مِنْ نَارٍ، يَغْلِي مِنْهُمَا دِمَاغُهُ كَمَا يَغْلِ الْمِرْجَلُ، مَا يَرَى أَنَّ أَحَدًا أَشَدُّ مِنْهُ عَذَابًا، وَإِنَّهُ لَأَهْوَنُهُمْ عَذَابًا».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Кыямат күнү тозок ээлеринин ичинен эң жеңил азап тартуучусу — бутунда эки кепичи (бут кийими) жана эки боосу бар адам болорун кабарлаган. Алардын ысыктыгынан улам анын мээси кудум жез казан кайнагандай кайнап турат. Ал өзүнөн да катуу азап тартып жаткан эч ким жок деп ойлойт. Бирок, чынында ал эң жеңил азап тартуучу. Бул — анын денелик (физикалык) азабына кошо психологиялык азабы да биригиши үчүн ушундай болот.
Күнөөкөрлөр жана каапырлар тозок отуна алып келе турган иштерден алыс болуулары үчүн, аларды тозоктогу бул азаптын коркунучунан эскертүү.
Тозокко киргендердин даражасындагы айырмачылык, алардын кылган жаман амалдарына жараша болот.
Тозоктун катуу азабы, Аллах Таала бизди андан сактасын.
Сахих ал-Бухари (8/ 115) (6561).
Сахих Муслим (1/ 196) (213).
Сахих ал-Бухари (8/ 115) (6561).
Сахих Муслим (1/ 196) (213).
Дагы (18)
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 366).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (6/ 394).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 472).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (3/ 295).
المعجم الوسيط (1/ 256).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 366).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (6/ 394).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 472).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (3/ 295).
المعجم الوسيط (1/ 256).