Анда мени күбө кылба, чындыгында мен зулумдукка күбө болбоймун.
Нуман ибн Башир (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
Анын апасы Раваханын кызы атасынан өз малынан баласына бир белек берүүсүн суранды. Атасы бул ишти бир жылдай создуктуруп, кийин кайра макул болду. Анан апасы: "Балама берген белегиңе Аллахтын элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) күбө кылмайынча мен ыраазы болбоймун" - деди. Ал кезде мен жаш бала элем, атам мени колуман жетелеп Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) барып: "Оо, Аллахтын элчиси, чындыгында, бул баланын апасы Раваханын кызы анын баласына берген белегиме сени күбө кылуумду каалады" - деди. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Оо, Башир, сенин мындан башка балдарың барбы?" - деп сурады. Атам: "Ооба" - деди. Ал: "Балдарыңдын баарына ушундай белек бердиңби?" - деп сурады. Атам: "Жок" - деди. Ал: "Анда мени күбө кылбагын, чындыгында мен зулумдукка күбө болбоймун" - деди. Муслимдин риваятында: "Бул ишке менден башканы күбө кыл" - деп айткан.
أَنَّ أُمَّهُ بِنْتَ رَوَاحَةَ سَأَلَتْ أَبَاهُ بَعْضَ الْمَوْهِبَةِ مِنْ مَالِهِ لِابْنِهَا، فَالْتَوَى بِهَا سَنَةً ثُمَّ بَدَا لَهُ، فَقَالَتْ: لَا أَرْضَى حَتَّى تُشْهِدَ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ عَلَى مَا وَهَبْتَ لِابْنِي، فَأَخَذَ أَبِي بِيَدِي وَأَنَا يَوْمَئِذٍ غُلَامٌ، فَأَتَى رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَقَالَ: يَا رَسُولَ اللهِ، إِنَّ أُمَّ هَذَا بِنْتَ رَوَاحَةَ أَعْجَبَهَا أَنْ أُشْهِدَكَ عَلَى الَّذِي وَهَبْتُ لِابْنِهَا، فَقَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «يَا بَشِيرُ، أَلَكَ وَلَدٌ سِوَى هَذَا؟» قَالَ: نَعَمْ، فَقَالَ: «أَكُلَّهُمْ وَهَبْتَ لَهُ مِثْلَ هَذَا؟» قَالَ: لَا، قَالَ: «فَلَا تُشْهِدْنِي إِذن، فَإِنِّي لَا أَشْهَدُ عَلَى جَوْرٍ»، ولِمُسْلِمٍ: «فَأَشْهِدْ عَلَى هَذَا غَيْرِي».
Нуман ибн Башир (Аллах андан ыраазы болсун) кабар берет: Апасы Амра бинт Раваха (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) атасынан баласы үчүн анын мал-мүлкүнөн бир белек берүүсүн сурады. Ал оорсунуп, аны бир жылга кечиктирди. Андан соң анын суранычын орундатып, уулу Нуманга белек берүүнү чечти. Ошондо апасы мындай деди: "Балама берген белегиңе Аллахтын элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) күбө кылмайынча мен ыраазы болбоймун" - деди. Атам колумдан кармап, мен анда кичинекей жаш бала элем, Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) барып мынтип айтты: Оо, Аллахтын элчиси! Чындыгында, мунун апасы Раваханын кызы мен анын баласына берген белекке сени күбө кылуумду каалады. Ошондо ал (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: Оо, Башир, сенин мындан башка балаң барбы? Ал: "Ооба" - деп жооп берет. Анан ал: «Алардын баарына ушундай бердиңби?» – деди. Ал: "Жок" - деп жооп берди. Ал: "Андай болсо мени күбө кылба, анткени мен зулумдукка күбө болбоймун" - деп айтты. Муслимдин риваятында аны айыптап: "Бирок, бул зулумдукка менден башканы күбө кыл" - деп айтты.
Белек жана тартууларды берүүдө уул балдар менен кыздардын ортосунда адилеттүү болуу милдеттүү, ал эми каржылоо ар кимдин өз муктаждыгына жараша белгиленет.
Балдардын айрымдарын башкаларынан артык көрүү – зулумдук, ал ишке күбөлүк өтүүгө да, берүүгө да уруксат берилбейт.
Имам Навави мынтип айткан: Балдарына белек берүүдө алардын ортосунда теңчиликти сактоо керек. Алардын бирин экинчисинен артык көрбөстөн, ар бирине башкасына бергендей эле тең берүүсү тийиш. Уул бала менен кыз баланын ортосунда да теңчиликти сактоо зарыл. Биздин кээ бир аалымдарыбыз: "Эркек балага эки кыздын үлүшү берилет", – деп айтышкан. Бирок хадистин ачык маанисине ылайык, эң туура жана белгилүү пикир – алардын ортосунда теңчиликти сактоо болуп саналат.
Шариятка каршы келген өкүмдөр жокко чыгат жана аткарылбайт.
Казы жана муфтий тактоону талап кылган маселелердин чоо-жайын сурап билүүсү зарыл. Анткени Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Бул нерсени балдарыңдын баарына кылдыңбы?" - деп сураган.
Имам Навави мындай деген: "Хадисте атанын баласына берген белегин кайтарып алуусуна уруксат экендиги айтылат."
Бир туугандардын ортосунда ынтымакка алып келе турган нерселерди аткарууга жана алардын ортосуна кастык сала турган же ата-энеге ак болууга себеп боло турган нерселерди таштоого буюрат.
Сахих ал-Бухари (3/ 171) (2650).
Сахих Муслим (3/ 1243) (1623).
Дагы (7)
الإلمام بشرح عمدة الأحكام.
لإسماعيل الأنصاري (2/ 39).
تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.
لعبد الله البسام (ص541).
شرح النووي على مسلم (11/ 65).
فتح الباري.
لابن حجر (5/ 212).