Skip to content

Силер каалагандай тамак жана суусундуктун үстүндө эмессиңерби? Акыйкатта, мен Пайгамбарыңардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) курсагын толтурууга (начар) курма да таппай калганын көрдүм.

Нуъман ибн Башир (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:

"Силер каалагандай тамак жана суусундуктун үстүндө эмессиңерби? Акыйкатта, мен Пайгамбарыңардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) курсагын толтурууга (начар) курма да таппай калганын көрдүм."

أَلَسْتُمْ فِي طَعَامٍ وَشَرَابٍ مَا شِئْتُمْ؟ لَقَدْ رَأَيْتُ نَبِيَّكُمْ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ وَمَا يَجِدُ مِنَ الدَّقَلِ مَا يَمْلَأُ بِهِ بَطْنَهُ.

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Нуъман ибн Башир (Аллах алардан ыраазы болсун) адамдарга алар ээ болуп турган нээмат-жакшылыкты, каалаган өлчөмдө тамак-аш жана суусундуктарга жетип жатышканын эскертет. Андан соң Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) абалы жөнүндө кабар берип, анын ачкалыктан курсагын тойгузуу үчүн атүгүл начар курма да таба албагандыгын айтат.

Хадистин пайдалары

Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) зухд (дүйнөдөн баш тартуу) абалын баяндоо.

Дүйнөгө кызыкпоого, андан азына канаат кылууга жана Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үлгү алууга үндөө.

Адамдарга өздөрүнө берилген жакшылыктарды эскертүү жана алар үчүн Аллахка шүгүр айтууга үндөө.

Булактар

Сахих Муслим (4/ 2284) (2977).

Сахих Муслим (4/ 2284) (2977).

Дагы (20)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 537).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 421).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (7/ 300).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (3/ 370).

كشف المشكل.

لابن الجوزي (2/ 216).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 537).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 421).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (7/ 300).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (3/ 370).

كشف المشكل.

لابن الجوزي (2/ 216).