Skip to content

Беш нерсе бул адамдын табияттык тазалыгынан. Алар: сүннөткө отургузуу, уяттуу жерлердеги түктөрдү кыруу, мурутту кыскартуу, тырмактарды алуу жана колтуктун түктөрүн жулуу.

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте ал айтты: Мен Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум:

Беш нерсе бул адамдын табияттык тазалыгынан. Алар: сүннөткө отургузуу, уяттуу жерлердеги түктөрдү кыруу, мурутту кыскартуу, тырмактарды алуу жана колтуктун түктөрүн жулуу.

«الفِطْرَةُ خمسٌ: الخِتَانُ والاستحدادُ وقصُّ الشَّارِبِ وتقليمُ الأظفارِ وَنَتْفُ الآبَاطِ».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Ислам дининдеги беш сыпатты жана элчилердин сүннөттөрүн баяндады. Биринчиси: сүннөткө отургузуу. Бул балдардын жыныс мүчөсүнүн баш жагындагы ашыкча терисин жана кыздардын жыныс мүчөсүнүн кынынан жогору жагынан кесип алуу. Экинчиси: жыныс мүчөлөрдүн айланасындагы түктөрдү кыруу. Үчүнчүсү: мурутту кыскартуу. Эрин көрүнгүдөй кылып эркектин үстүнкү эрининен жогорунда өскөн мурутту кыскартып алуу. Төртүнчүсү: тырмактарды алуу. Бешинчи: колтуктагы түктөрдү жулуу.

Сөздөрдүн маанилери

...:

Хадистин пайдалары

Аллах сүйгөн, ыраазы болгон жана буйруган пайгамбарлардын сүннөттөрү кемчиликсиздикке, тазалыкка жана сулуулукка чакырат.

Бул нерселерге ар дайым көңүл буруу шарияттын талабы жана аларды көз жаздымда калтырбоо.

Бул сыпаттардын диний жана дүнүйөлүк пайдалары бар, алар: сырткы көрүнүштү жакшыртуу, денени тазалоо, тазалыкка чараларды көрүү, каапырларга каршы болуу жана Аллахтын буйругуна моюн сунуу.

Бул беш сыпаттан башка адамдын табиятындагы кошумча сыпаттар башка хадистерде да айтылган. Мисалы: сакал коюу, тишти мисвак менен тазалоо ж.б. сыпаттар.

Булактар

Сахих ал-Бухари (7/ 160) (5891).

Сахих Муслим (1/ 222) (257).

Дагы (7)

عمدة الأحكام (ص44) (30).

الإلمام بشرح عمدة الأحكام.

لإسماعيل الأنصاري (1/ 45).

تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.

للبسام (ص58).

تنبيه الأفهام شرح عمدة الأحكام.

لابن عثيمين (1/ 72).