Skip to content
Сүрөлөрдүн тизмеси /

القَلَم

القَلَم is chapter 68 of the Quran and has 52 verses. This page presents it in full in the Uthmani script, with a verse-by-verse translation of its meaning.

52 Аяттар Сүрөнүн номери 68
Аятка өтүү
Kyrgyz · Hakimov
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

نٓۚ وَٱلۡقَلَمِ وَمَا يَسۡطُرُونَ

Нун. (Оо, Мухаммад), калемге жана ал жазган нерселерге ант ичип (айтамын):

Explanation & meanings · 1
  1. Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.

مَآ أَنتَ بِنِعۡمَةِ رَبِّكَ بِمَجۡنُونٖ

Сен Раббиңдин нээматы (пайгамбарлык) себептүү акылынан адашкан киши эмессиң.

Explanation & meanings · 1
  1. Пайгамбарыбызга Ислам дини вахий аркылуу бериле баштаганда элдерге алар сыйынып жаткан ар түрдүү кудайлардын жалгандыгын айткан. Ошондо алар: «Буга эмне болгон? Ата-бабаларыбыздын динин чанып?! Бул соо эмес го! Мүмкүн муну жиндер азгырып жатса керек!» дешкен. Аллах таала жогорку аяттарда илим-билим жана улук Куран аяттары жазыла турган калем жана ал жазган аяттардын урматына ант ичип, пайгамбарын мушриктер айыптаган сөздөрдөн коргоодо.

وَإِنَّ لَكَ لَأَجۡرًا غَيۡرَ مَمۡنُونٖ

(Пайгамбарлык түйшүгүн көтөргөнүң үчүн) сага түгөнгүс сыйлыктар бар!

وَإِنَّكَ لَعَلَىٰ خُلُقٍ عَظِيمٖ

Жана сен улук ахлактын үстүндөсүң.

Explanation & meanings · 1
  1. Пайгамбарыбыз саллоллоху алайхи ва салламдын адеп-ахлагы жөнүндө сурагандарга Айша энебиз: «Анын ахлагы – Куран» деп жооп берген болчу. Мунун мааниси ал ар дайым Куран көргөзгөн адептер менен «сугарылып» турган.

فَسَتُبۡصِرُ وَيُبۡصِرُونَ

Жакында (Кыямат болуп, чындык ашкереленгенде) көрөсүң, алар да көрүп (билип) алышат -