Skip to content
المَائدة /

Аят 33

5 : 33

Аят 33 of المَائدة (5 : 33). This page carries the verse in the Uthmani script with a translation of its meaning, at a stable URL that can be cited on its own.

المَائدة Аяттар 120
5 : 33

إِنَّمَا جَزَٰٓؤُاْ ٱلَّذِينَ يُحَارِبُونَ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ وَيَسۡعَوۡنَ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَسَادًا أَن يُقَتَّلُوٓاْ أَوۡ يُصَلَّبُوٓاْ أَوۡ تُقَطَّعَ أَيۡدِيهِمۡ وَأَرۡجُلُهُم مِّنۡ خِلَٰفٍ أَوۡ يُنفَوۡاْ مِنَ ٱلۡأَرۡضِۚ ذَٰلِكَ لَهُمۡ خِزۡيٞ فِي ٱلدُّنۡيَاۖ وَلَهُمۡ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ عَذَابٌ عَظِيمٌ

Аллахка жана пайгамбарына каршы согушуп, жер бетинде бузукулук таратып жүргөн адамдардын жазасы – өлтүрүлүү же асып өлтүрүлүү, кол-буттары каршы-терши кылып (оң кол, сол бут же сол кол, оң бут) кесилүү же болбосо, (мекен туткан) жерден сүргүн кылынуу. Бул аларга дүйнөдө шерменде (болуусу үчүн) жана Акыретте аларга чоң азап бар.

Explanation & meanings · 1
  1. Ибн Аббас - Аллах андан ыразы болсун - бул аяттын тафсиринде мындай деген: “Бул - каракчылардын жазасы. Эгер алар кишилердин малын карактоо менен бирге, өздөрүн өлтүрүшсө, башкаларга ачуу сабак болсун үчүн аларды өлтүрүүгө же асып өлтүрүүгө өкүм кылынат. Эгер алар адамдарды өлтүрүп, мал-мүлкүн калтырышкан болсо, (жеңилирээк) өлтүрүүгө өкүм кылынат. Эгерде, мал-мүлктү тоноп, адамдарга катылбаган болсо, бүт-колдору каршы-терши кылып кесилет: оң кол, сол буту жана сол кол, оң буту. Ал эми, адамдарды өлтүрбөй, мүлкүнө да тийбей, бирок баскын жасап, коркутуп-үркүтүп кетсе, аны жеринен сүргүн кылынат. Бул аят мусулмандардын башчыларынын мойнуна букараларга бейпил турмушту, коркунучсуз сапарды камсыз кылуу милдетин тагат.