5 : 14
وَمِنَ ٱلَّذِينَ قَالُوٓاْ إِنَّا نَصَٰرَىٰٓ أَخَذۡنَا مِيثَٰقَهُمۡ فَنَسُواْ حَظّٗا مِّمَّا ذُكِّرُواْ بِهِۦ فَأَغۡرَيۡنَا بَيۡنَهُمُ ٱلۡعَدَاوَةَ وَٱلۡبَغۡضَآءَ إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلۡقِيَٰمَةِۚ وَسَوۡفَ يُنَبِّئُهُمُ ٱللَّهُ بِمَا كَانُواْ يَصۡنَعُونَ
“Биз – насаараларбыз” деген адамдардан да ант-убада алган элек. Алар дагы өздөрүнө эскертилген нерседен (Инжилден) бир бөлүгүн унутуп коюшту. Натыйжада Биз алардын араларына тээ Кыяматка чейин (өз ара) душмандык жана жек көрүү салып койдук. Жакында Аллах аларга жасаган кылмыштарынын кабарын берет (жана ошого жараша азапка дуушар кылат.)
Explanation & meanings · 2
- Иса пайгамбар Насирия (Назарет) шаарында туулгандыгы себептүү христиандар өздөрүн «Насаара» (орусча булактарда «назаретянин») деп аташат.
- Христиандар Инжилди унуткан себептүү өтө көп, бири-бирине душман жамааттарга бөлүнүп кетишти. Ал жамааттар тарых бою тынбай өз ара урушуп-сүрүшүп, тирешип-согушуп келүүдө. Аллах Тааланын күбөлүгү боюнча бул тирешүүлөр Кыяматка чейин токтобойт. Ушунун баары Аллахтын пайгамбарына түз-туура ээрчибей, өздөрүнө жиберилген Китеп аяттарын бурмалагандарынын, билип туруп “унутуп койгондорунун” жазасы.