Skip to content
Маида /

Аят 38

5 : 38

Аят 38 of Маида (5 : 38). This page carries the verse in the Uthmani script with a translation of its meaning, at a stable URL that can be cited on its own.

Маида Аяттар 120
Сүрө · Маида
Kyrgyz · Hakimov
5 : 38

وَٱلسَّارِقُ وَٱلسَّارِقَةُ فَٱقۡطَعُوٓاْ أَيۡدِيَهُمَا جَزَآءَۢ بِمَا كَسَبَا نَكَٰلٗا مِّنَ ٱللَّهِۗ وَٱللَّهُ عَزِيزٌ حَكِيمٞ

Уурулук кылган эркек жана аялды кылмышына жараша Аллах тарабынан (белгиленген) азап-жаза болуу үчүн колдорун кескиле! Аллах - Жеңүүчү, Даанышман.

Explanation & meanings · 1
  1. Араб тилинде уурулук “сарика” деп аталат. Бул сөздүн мааниси “коргоого алынган мүлктүн белгилүү бөлүгүн билдирбей алуу”. Демек, коргоого алынбаган мүлктөн алуу Ислам шариятында катуу жаза берилчү уурулук болуп эсептелбейт. Уурулук кылган адам, эркекпи, аялбы, эгер балакат (эрезе) жашына жеткен, акыл-эси ордунда болсо, оң колу билегинен кесип таштоо менен жазаланат. Бирок, төмөндөгүчө шарттарда кол кесилбейт. (Андан башка жеңилирээк жаза колдонулат): 1. Мал-мүлк коргоого алынбаган болсо. 2. Баасы бир динардын төрттөн бир бөлүгүнчө же болбосо он дирхам-тенгеден төмөн болсо. 3. Кадыры жок, арзыбаган буюм болсо. Эгер бир жолу уурулук кылып, сазайын алган адам, эгер адатын дагы кайталаса, сол буту кесилет. Дагы (үчүнчү ирет) кайталаса, ага эки түрдүү жазанын бири колдонулат. Же оң буту анан сол колу кесилет. Же болбосо, өмүр бою (өлгөнгө чейин) түрмөгө өкүм кылынат. Мына ушундай өкүмдөрдү парыз кылган Аллах Тааланын Даанышмандыгын даңктап, даңазаланга арзыйт.