Skip to content
المَائدة /

Аят 106

5 : 106

Аят 106 of المَائدة (5 : 106). This page carries the verse in the Uthmani script with a translation of its meaning, at a stable URL that can be cited on its own.

المَائدة Аяттар 120
5 : 106

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ شَهَٰدَةُ بَيۡنِكُمۡ إِذَا حَضَرَ أَحَدَكُمُ ٱلۡمَوۡتُ حِينَ ٱلۡوَصِيَّةِ ٱثۡنَانِ ذَوَا عَدۡلٖ مِّنكُمۡ أَوۡ ءَاخَرَانِ مِنۡ غَيۡرِكُمۡ إِنۡ أَنتُمۡ ضَرَبۡتُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَأَصَٰبَتۡكُم مُّصِيبَةُ ٱلۡمَوۡتِۚ تَحۡبِسُونَهُمَا مِنۢ بَعۡدِ ٱلصَّلَوٰةِ فَيُقۡسِمَانِ بِٱللَّهِ إِنِ ٱرۡتَبۡتُمۡ لَا نَشۡتَرِي بِهِۦ ثَمَنٗا وَلَوۡ كَانَ ذَا قُرۡبَىٰ وَلَا نَكۡتُمُ شَهَٰدَةَ ٱللَّهِ إِنَّآ إِذٗا لَّمِنَ ٱلۡأٓثِمِينَ

О, ыймандуулар! Силерден бирөөңөргө өлүм (белгилери) келип, осуят убактысы болгондо, өзүңөрдөн эки адыл адам араңардагы (осуятыңарга) күбө болсун! Же болбосо, (эгер мусулман адам табылбай калса) силерден башкалардан (яхуди же христиандардан) экөөсү (күбө) болсун, эгерде (башка) жерде сапарда болсоңор жана силерге өлүм кайгысы жетчү болсо. Ал эки (дини башка) күбөнү намаз (ибадат) кылып бүткөндө кармайсыңар (намаздын урматынан күбөлүктөрүндө жалган айтпас үчүн). Эгер алардан шектенчү болсоңор, (силердин талабыңар менен) “Биз бул күбөлүктү (эч кандай) баага сатып жибербейбиз, эгер тууган-туушканыбыз болсо да. Биз Аллах үчүн берген күбөлүгүбүздү жашырбайбыз. Эгер жашырчу болсок, анда күнөөлүүлөрдөн болуп калабыз” - деп ант ичишет.