Skip to content
المَائدة /

Аят 8

5 : 8

Аят 8 of المَائدة (5 : 8). This page carries the verse in the Uthmani script with a translation of its meaning, at a stable URL that can be cited on its own.

المَائدة Аяттар 120
5 : 8

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ كُونُواْ قَوَّٰمِينَ لِلَّهِ شُهَدَآءَ بِٱلۡقِسۡطِۖ وَلَا يَجۡرِمَنَّكُمۡ شَنَـَٔانُ قَوۡمٍ عَلَىٰٓ أَلَّا تَعۡدِلُواْۚ ٱعۡدِلُواْ هُوَ أَقۡرَبُ لِلتَّقۡوَىٰۖ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَۚ إِنَّ ٱللَّهَ خَبِيرُۢ بِمَا تَعۡمَلُونَ

О, ыйман келтиргендер! Аллах(тын ыраазылыгы) үчүн (сөзүңөрдө да, ишиңерде да) түз туруп, адилет күбө болгула. Бир коомду жаман көрүүңөр, аларга адилетсиздик кылууга силерди мажбурлабасын! Адилетик кылгыла! Ал такыбалыкка жакын. Аллахтан корккула! Албетте, Аллах силердин ишиңерден Кабардар.

Explanation & meanings · 1
  1. Ислам адилет маселесинде тууган-урук, тааныш-билиш, мусулман-каапыр деп ажыратпайт. Күбөлүккө өтүүчү мусулман эгер чындык душман же каапыр тарапта болсо да Аллах үчүн туура күбөлүк берет. Себеби ал Аллах бардык иштерден кабардар экенине ыйман келтирген.