5 : 43
وَكَيۡفَ يُحَكِّمُونَكَ وَعِندَهُمُ ٱلتَّوۡرَىٰةُ فِيهَا حُكۡمُ ٱللَّهِ ثُمَّ يَتَوَلَّوۡنَ مِنۢ بَعۡدِ ذَٰلِكَۚ وَمَآ أُوْلَٰٓئِكَ بِٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Алар эмне үчүн сенден өкүм сурап жатышат?! Аларда Тоорат бар го! Анда Аллахтын өкүмдөрү бар эле го?! Кийин... ушундан кийин деле, тескери карап (өкүмдү аткарбай) кетишет. (Анткени,) Алар ыймандуу эмес!
Explanation & meanings · 1
- Алар өз каалоолоруна ылайык келбегени себептүү Тоорат өкүмдөрүнө кулак салбай, "биздин каалообузга ылайык өкүм айтып берээр бекен" деген үмүт менен Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдын алдына келишүүдө. Пайгамбарыбыз аларга Аллахтын өкүмүн кандай болсо, ошондой айтып берген.