Skip to content
Сүрөлөрдүн тизмеси /

الشعراء

الشعراء is chapter 26 of the Quran and has 227 verses. This page presents it in full in the Uthmani script, with a verse-by-verse translation of its meaning.

227 Аяттар Сүрөнүн номери 26
Аятка өтүү
Kyrgyz · Hakimov
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

طسٓمٓ

Та. Сиим. Миим.

Explanation & meanings · 1
  1. Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.

تِلۡكَ ءَايَٰتُ ٱلۡكِتَٰبِ ٱلۡمُبِينِ

Булар анык китептин (Курандын) аяттары.

لَعَلَّكَ بَٰخِعٞ نَّفۡسَكَ أَلَّا يَكُونُواْ مُؤۡمِنِينَ

(Оо, Мухаммад! Мекке мушриктери) ыйманга келбегени үчүн сен (катуу кайгырып, кыжаалат болуп) жаныңды жок кыла жаздадың!

Explanation & meanings · 1
  1. Көп кыйналба. Хидаят (Туура жол) Аллахтын колунда. Сенин милдетиң жеткирүүдөн гана турат.

إِن نَّشَأۡ نُنَزِّلۡ عَلَيۡهِم مِّنَ ٱلسَّمَآءِ ءَايَةٗ فَظَلَّتۡ أَعۡنَٰقُهُمۡ لَهَا خَٰضِعِينَ

Эгер Биз кааласак, аларга (мушриктерге өздөрү сурагандай) асмандан белги-керемет түшүрүп, аларды ага (мажбур) моюн сунуучулардан кылмакпыз.

Explanation & meanings · 1
  1. Бирок, мындай мажбурлап ыйманга келтирүүдөн пайда жок. Чыныгы ыйман көрбөй туруп, кайыптагы нерселерге ишенүү. Анан калса, ошол моожиза келсе жана мурдагы каапырлар сыяктуу ыйман келтирбей коюшса, анда аларга азап хак (ылайык) болуп калмак.

وَمَا يَأۡتِيهِم مِّن ذِكۡرٖ مِّنَ ٱلرَّحۡمَٰنِ مُحۡدَثٍ إِلَّا كَانُواْ عَنۡهُ مُعۡرِضِينَ

Аларга (мушриктерге) Ырайымдуу (Аллах) тарабынан жаңы эскертүүчү (аяттар) келсе, дароо андан жүз буруучу (ишенбөөчү) болушту.