26 : 116
قَالُواْ لَئِن لَّمۡ تَنتَهِ يَٰنُوحُ لَتَكُونَنَّ مِنَ ٱلۡمَرۡجُومِينَ
«Эй, Нух! Эгер үгүтүңдү токтотпосоң, ташбараңга алынасың!» (дешти ачууланган төбөлдөр).
Explanation & meanings · 1
- (Өздөрүнө насаат айткан пайгамбарга ушундай мамиле жасаган элде эмне жакшылык болсун?! Нух аларды өмүр бою жакшылыкка – Акыреттеги тозок отунан кутулууга чакырса, «токтот, ташбараң кылабыз» дешет! Нух бул элге насаат пайда бербесин билди, өзүнө болгон алардын зулуму, мазактоолору, кежирликтери жанына батты. Анан аларга каргыш дуба кылды.