26 : 211
وَمَا يَنۢبَغِي لَهُمۡ وَمَا يَسۡتَطِيعُونَ
Аларга (Куран түшүрүү) ылайык эмес. Жана буга алардын кудуреттери да жетпейт. (Анткени:)
Explanation & meanings · 1
- Мушриктердин Куранга, пайгамбарга койгон дооматтарынын кезектегиси - алардын «Куранды Мухаммадга жин-шайтандар шыбыраса керек» деген сөздөрү. Бул аят ошол дооматка жооп. Шайтандар - ыпылас. Билген-кылган иштери азгырык. Ал эми Куран таза жана турган бүткөнү хидаят (туура жол). Демек, шайтан буга ылайык эмес. Анан шайтандар жогорку Арштан Куран аяттарын алып келебиз деп аракет кылган күндө деле, кудуреттери жетпейт.