26 : 197
أَوَلَمۡ يَكُن لَّهُمۡ ءَايَةً أَن يَعۡلَمَهُۥ عُلَمَٰٓؤُاْ بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ
Аны Исраил урпактарынын (яхудилердин) ичиндеги уламалар билиши аларга далил болбойбу?
Explanation & meanings · 1
- Араб мушриктери үчүн яхуди уламаларынын сөзү далил болгон. Бир нерседе талашып калчу болушса дароо аларга чуркап барышып, «Тооратты карагылачы, паландай маселеде эмне айтылган экен деп турушкан. Ал эми, Куран маселесинде да ынсаптуу еврей аалымдары Тооратта Куран жана Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам жөнүндө айтылганын маалымдашкан. Бирок, кежирленген мушриктер бул далилге да муюбай коюшту.