26 : 51
إِنَّا نَطۡمَعُ أَن يَغۡفِرَ لَنَا رَبُّنَا خَطَٰيَٰنَآ أَن كُنَّآ أَوَّلَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Биз (Мусага) эң абалкылардан болуп ыйман келтиргенибиз себептүү, Раббибиз биздин каталарыбызды кечиришин үмүт кылабыз».
Explanation & meanings · 1
- Сыйкырчылардын окуясы ушинтип аяктады. Бирок Фараон менен адамдары, жалпы эл өз каапырчылыгында калды. Аларга Муса дагы көп Аллахтын моожизаларын көргөздү: аларга суу балээси, чебиртке, кан, бака, бит сыяктуу апаат-балээлер көргөзүлдү. Ар биринде Мусага «Раббиңе дуба кыл, балээни алсын, ыйман келтирели дешип, балээ көтөрүлгөн соң, дагы кайрадан каапырчылыгын улантып жатышты. Аллах таала аларга мөөнөт берүүсүн токтотуп, кырып жоюуга себеп болуучу окуяларды тездетти.