Skip to content

суроо: Ахлу сунна вал жамаат деген кимдер?

الباب / الفصل
قسم العقيدة

السؤال

س42: من هم أهل السنة والجماعة؟

42-суроо: Ахлу сунна вал жамаат деген кимдер?

الجواب

ج:هم من كان على مثل ما كان عليه النبي صلى الله عليه وسلم وأصحابه في القول والعمل والاعتقاد.

  • وسموا أهل السنة: لاتباعهم سنة النبي صلى الله عليه وسلم، وترك الابتداع.
  • والجماعة: لأنهم اجتمعوا على الحق ولم يتفرقوا فيه.
  • قال عليه الصلاة والسلام:

«إن بني إسرائيل تفرقت على ثنتين وسبعين ملة، وتفترق أمتي على ثلاث وسبعين ملة، كلهم في النار، إلا ملة واحدة». قالوا: ومن هي يا رسول الله ؟ قال: «ما أنا عليه وأصحابي»

رواه الترمذي.

Жооп: Алар – сөздө, иште жана ишенимде (акыйдада) Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана анын сахабалары кандай жолдо болсо, так ошондой жолду тутунгандар.

Алар Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүннөтүн ээрчип, бидаатты таштагандыктан «Ахлу сунна» деп аталган.

Жамаат: анткени алар акыйкаттын үстүнө биригип, анда бөлүнүшкөн эмес.

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

«Чындыгында, Исраил урпактары жетимиш эки агымга бөлүнүп кетишкен. Ал эми менин үммөтүм жетимиш үч агымга бөлүнөт, бирөөсүнөн башкасынын баары тозокто». (Сахабалар): «Оо, Аллахтын элчиси, ал кайсы агым?» – деп сурашты. Ал: «Мен жана менин сахабаларым турган жолду тутунгандар», – деп жооп берди».

Тирмизи риваят кылган.