Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 6

Чыпкаларды алып салуу
Катуу жамгыр жаап, көзгө сайса көрүнгүс караңгы болгон түнү чогуу намаз окуу үчүн Аллахтын элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) издеп бардык. Анан аны таптым. Ал: "Айт" - деди. Мен унчуккан жокмун. Ал дагы: "Айт" - деди. Мен дагы эле эч нерсе дебедим. Ал: "Айт" - деди. Эмне деп айтам - дедим. Ал: "Кул хуваллааху ахадды" жана эки сактоочу сүрөнү оку, кеч киргизгениңде жана таң атырганыңда үч жолудан окуп жүрсөң, бардык жамандыктан сактоого жетиштүү болот" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана ан-Насааи жазып калтырган.
"Кимде-ким: Аллахтын аты менен баштаймын. Анын аты менен башталган нерсеге жер бетинде да, асманда да эч ким зыян жеткире албайт. Ал Угуучу, Билүүчү" деп үч жолу айтса, таң атканга чейин ага кокустан балээ-кырсык келбейт. Кимде-ким бул дубаны таң атканда үч жолу айтса, кеч киргенге чейин ага кокустан балээ-кырсык келбейт". Кийин Абан бин Усман шал оорусу менен ооруп калды. Андан жогорудагы хадисти уккан бир киши аны суроолуу карап калды. Усман ага: Сага эмне болду, мени таңыркап карайсың? Аллахка ант болсун, мага Усман бин Аффан жалган айткан эмес. Усманга да пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жалган айткан эмес. Болгону, мага ушул балээ келген күнү мен (бирөөгө) ачууланып, жогорудагы дубаны айтпай унутуп калыпмын - деди.
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ибн Маажа менен Ахмад да жазып калтырган.
"Истигфардын төрөсү мындай: Аллахым, Сен менин - Раббимсиң, Сенден башка ибадатка татыктуу кудай жок. Сен мени жараттың, мен Сенин кулуңмун. Мен чолом жетишинче Сага берген убада, шартымды сактаймын. Жасаган иштеримдин жамандыгынан сактоону Сенден суранам. Мага берген нээмат-жакшылыктарыңды жана күнөөлөрүмдү мойнума алам. Мени кечир, Сенден башка күнөөлөрдү кечирүүчү эч ким жок». Анан мындай деди: "Кимде-ким эртең менен бул сөздөрдү чын жүрөгүнөн айтса, анан ошол күнү кечке чейин каза болсо, ал бейиштин тургундарынан. Ал эми ким бул сөздөрдү кечинде чын жүрөгүнөн айтса жана таң атканга чейин каза болсо, ал бейиштин тургундарынан".
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
Эртең менен таң атырганда ал минтип айтчу: "Аллахым, Сенин атың менен таң атырабыз. Сенин атың менен кечти киргизебиз. Сенин атың менен тирилебиз. Сенин атың менен өлөбүз. Кайра тирилип баруу Сага гана" Кеч киргенде минтип айтчу: "Аллахым, Сенин атың менен кеч киргизебиз. Сенин атың менен таң атырабыз. Сенин атың менен тирилебиз. Сенин атың менен өлөбүз. Кайра тирилип баруу Сага гана". Кээде: "Кайра кайтып баруу Сага гана" дечү.
Хасан (жакшы) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи Кубра китебинде жана Ибн Маажа риваят кылган
"Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эрте менен багымдат намазын окуган кезде анын жанынан чыгып кетти, бул убакта ал өзүнүн намаз окуган ордунда эле. Анан Пайгамбарыбыз шашке маалында кайтып келсе, ал ордунда олтурган эле. Ошондо Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Мен таштап кеткен абалыңда олтурасыңбы?" - деп сурады. Ал: "Ооба", - деди. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Мен сенден кийин төрт сөздү үч жолу айттым, эгерде алар сенин бүгүн айткандарың менен таразага тартылса, алардан оор келмек: Аллахка Анын жараткандарынын санындай, Өзү ыраазы болгондой, Аршынын салмагындай жана сөздөрүнүн көлөмүндөй көп-көп мактоолор болсун. Биз Аллахты ар кандай кемчилдиктүү сыпаатардан аруулайбыз!» - деди."
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Ким түнү Бакара сүрөсүнүн акыркы эки аятын окуса, ага жетиштүү болот".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)