Skip to content

Аллахтын пайгамбары (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Кисрага, Кайсарга, Нажашиге жана ар бир залим падышага кат жөнөтүп, аларды Аллах Таалага чакырган.

Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:

Аллахтын пайгамбары (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Кисрага, Кайсарга, Нажашийге жана ар бир залим өкүмдарга кат жазып, аларды Аллах Таалага чакырган. Бул Нажаший – Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага жаназа намазын окуган Нажаший эмес.

أَنَّ نَبِيَّ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَتَبَ إِلَى كِسْرَى، وَإِلَى قَيْصَرَ، وَإِلَى النَّجَاشِيِّ، وَإِلَى كُلِّ جَبَّارٍ يَدْعُوهُمْ إِلَى اللهِ تَعَالَى، وَلَيْسَ بِالنَّجَاشِيِّ الَّذِي صَلَّى عَلَيْهِ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ.

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Анас бин Малик (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дүйнөдөн кайтаардан мурун айланасындагы элдердин падышаларына аларды Исламга чакырып кат жазган. Ал Кисрага кат жазды, Кисра – перстерди башкарган падышалардын ардактуу аталышы; Кайсар, бул – румдуктарды башкарган падышалардын наамы; жана Нажаший, бул – Хабашстандын падышаларынын наамы. Ошондой эле ал адамдарга үстөмдүк кылган жана аларды эзген ар бир зулум падышага кат жазды. Анас (ага Аллах ыраазы болсун) кат жазылган Нажаший – Исламды кабыл алып, каза болгон жана пайгамбар (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага сырттан жаназа намазын окуган Нажаший эмес экенин түшүндүргөн.

Хадистин пайдалары

Мусулман эместерди, анын ичинде алардын падышаларын жана башчыларын Исламга чакыруу шариятта уруксат.

Китеп жана каттарга карап иш кылуунун уруксаттыгы.

Булактар

Сахих Муслим (3/ 1397) (1774).

Сахих Муслим (3/ 1397) (1774).

Дагы (6)

المفهم لما أشكل من تلخيص كتاب مسلم (3/ 612).

البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (31/ 67).

النهاية في غريب الحديث والأثر (136).

المفهم لما أشكل من تلخيص كتاب مسلم (3/ 612).

البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (31/ 67).

النهاية في غريب الحديث والأثر (136).