Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үй-бүлөсү бир күндө эки маал тамак жесе, анын бири сөзсүз курма болгон.
Ыймандуулардын энеси Айша (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
"Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үй-бүлөсү бир күндө эки маал тамактанса, анын бири сөзсүз курма болгон".
مَا أَكَلَ آلُ مُحَمَّدٍ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَكْلَتَيْنِ فِي يَوْمٍ إِلَّا إِحْدَاهُمَا تَمْرٌ.
Момундардын энеси Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) кабардайт: Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үй-бүлөсү бир күндө эки маал тамактанышкан эмес. Эгер эки маал тамактанышса, ал эки тамактын бири сөзсүз курма болгон.
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана анын үй-бүлөсүнүн кичи пейил, жөнөкөйлүгү. Алар кээде бир күндө бир гана маал тамак табышчу.
Аларда курма табуу башка тамакка караганда оңоюраак болгон.
Жашоодо азга канаат кылып, каниеттүү болуу артыкчылыктуу сыпат. Ошондой эле ал пайгамбарлардын ахлагы жана элчилердин мырзасынын жашоо жолу болуп саналат.
Бир күндө эки маал тамактануу уруксат берилген (мубах) иштерден болуп саналат жана ал арабдардын белгилүү адаттарынан. Алар күнүнө эки маал: түшкү жана кечки тамак ичишкен.
Сахих ал-Бухари (8/ 97) (6455).
Сахих Муслим (4/ 2282) (2971).
Сахих ал-Бухари (8/ 97) (6455).
Сахих Муслим (4/ 2282) (2971).
Дагы (2)
فتح الباري لابن حجر (11/ 292).
فتح الباري لابن حجر (11/ 292).