Skip to content

Аллах Таала минтип айткан: "Кыямат күнү мен үч түрдүү адам менен доолашып эсептешем".

التصنيف الشرعي
الفقهفقه المعاملاتالإجارة

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

«Аллах Таала минтип айтты: "Кыямат күнү Мен үч адам менен доолашамын: биринчиси, Менин атым менен убада берип, ага кыянаттык кылган киши; экинчиси, эркин адамды сатып, анын акчасын жеген киши; үчүнчүсү, бирөонү мандикер жалдап иштетип, бирок анын акысын бербей койгон киши".

«قَالَ اللَّهُ تَعَالَى: ثَلاَثَةٌ أَنَا خَصْمُهُمْ يَوْمَ القِيَامَةِ: رَجُلٌ أَعْطَى بِي ثُمَّ غَدَرَ، وَرَجُلٌ بَاعَ حُرًّا فَأَكَلَ ثَمَنَهُ، وَرَجُلٌ اسْتَأْجَرَ أَجِيرًا فَاسْتَوْفَى مِنْهُ وَلَمْ يُعْطِهِ أَجْرَهُ».

Бухари жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Тааланын минтип айтканын кабарлайт: Кыямат күнү Мен үч түрдүү адам менен доолашам. Мен ким менен доолашсам, аны жеңип чыгам: Биринчиси: Ант берип, Аллахтын аты менен касам ичип, келишим кылып, андан кийин аны бузган жана кыянат кылган адам. Экинчиси: эркин адамды кул катары сатып, анын акчасын жеп, сарптаган адам. Үчүнчүсү: Бир жумушчуну ишке жалдап, андан жумушту толук кылдырып алып, анын эмгек акысын бербеген адам.

Хадистин пайдалары

Бул хадис пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Раббисинен риваят кылган хадистерден. Мындай хадистер "кудси" же "илахи" хадис деп аталат. Анын айтылышы жана мааниси Аллахтан. Бирок кудси хадис Курандын башкалардан айырмаланып турган өзгөчөлүктөрүнө ээ эмес. Мисалы, Куранды окуу ибадат экендиги, аны даарат менен кармоо, андайды эч ким жаза албастыгы, мөөжизалыгы ж.б.

Ас-Синдий минтип айткан: Мындай деп айтылган: (Хадисте) үчөөнүн эскерилиши чектөө үчүн эмес; анткени Аллах Таала бардык залымдарга доогер (каршы). Тескерисинче, бул ушул үчөөсүнө карата катуу басым жасоо (эскертүү) үчүн айтылган.

Ибн ал-Жаузий айткан: "Эркин адам – Аллахтын кулу. Ким ага зулумдук кылса, анын каршылашы анын Кожоюну болот, ал – Аллах".

Ал-Хаттаби минтип айткан: Эркин адамды кул кылуу эки түрдүү болот: Биринчиси, аны азат кылып, анан анысын жашыруусу же танып кетүүсү. Экинчиси, азат кылгандан кийин аны мажбурлап иштетүүсү. Бул экөөнүн ичинен биринчиси оорураак. Мен айтам: Бул бөлүмдөгү хадис мындан да оор; анткени анда азат кылганын жашыруу же тануу менен бирге, ошого жараша иш кылып, аны сатуу жана акчасын жеп алуу да айтылган. Ошондуктан ага айтылган эскертүү да катуураак болгон.

Булактар

Сахих ал-Бухари (3/ 90) (2270).

Сахих ал-Бухари (3/ 90) (2270).

Дагы (6)

فتح ذي الجلال والإكرام بشرح بلوغ المرام (4/ 252).

إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري (4/ 108).

مرشد ذوي الحجا والحاجة إلى سنن ابن ماجه والقول المكتفى على سنن المصطفى (14/ 211).

فتح ذي الجلال والإكرام بشرح بلوغ المرام (4/ 252).

إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري (4/ 108).

مرشد ذوي الحجا والحاجة إلى سنن ابن ماجه والقول المكتفى على سنن المصطفى (14/ 211).